Кызым колики болуп аябай кыйналат, эмне кылсам? Педиатрдын жообу
Төрөгөнүмө 1 ай 10 күн болду. Кызым башында жакшы чычат эле, ортодон “колики” болуп аябай кыйналчу болду. Кызарып, ыйынып атып араң чычат. Бир жумадан бери глицерин свечасын салып жатам. Заңы суюк эле.
Биринчи балам болгондуктан аябай коркуп, көп нерсени билбей жатам. Кечке эле свеча сала берсем көнүп калбайбы?
Мухабат Касымова
Педиатр
Саламатсызбы. Кичинекей балдардын заңдашы индивидуалдуу, айрымдары күнүнө бир нече жолу заңдаса, башкалары эки-үч күндө бир чычат. Эгер бала ыйлабаса, өзүн жакшы сезсе, демек тынчсызданууга негиз жок.
Кызыңыздын ыйлаганы, чыча албаганы “коликиге” байланыштуу болушу мүмкүн. Эн эффективдүү ыкма бул эмизгенге чейин ичине, көмкөрөсүнөн аз-аздан жаткыруу.
Андан тышкары аптекадан “укрорная вода” дегенди алып, бир чай кашыктан берип турсаңыз болот. Үй шартында укроптун өзүн демдеп, балага берген эч кандай эффект бербейт. Анткени аптекада даярдалган каражаттын курамында фенхель уруктары бар, анын жыты укропко аябай окшош болгондуктан эл арасында ошентип аталып калган.
Кызыңыз ден соолукта болсун.
Педиатр Мухабат Касымова менен инстаграмдагы @doc.kasymova баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.
Баланын ден соолугуна байланыштуу башка суроолорго жоопторду бул жактан окусаңыз болот:
Баланын эмгеги чоңураак экен деп жатышат. Балага зыяны жокпу?
Баламдын тамагы тез-тез эле ооруй берет. Эмне кылса болот? Педиатр жооп берет
Кызымдын кулагын тазалап жатып оорутуп алдым. Эмне кылышым керек?