// //

Карантин өспүрүм балдардын психикасына кандай таасир тийгизет?

2020.11.23, 14:10
1214

Бүткүл дүйнөлүк пандемия бардык адамдарды карантинге чыгууга аргасыз кылды. Узак убакыт изоляцияда отуруу көбүбүзгө оор болду, өзгөчө өспүрүмдөргө. Депрессиядан чыгуунун бир нече жолун психолог Асель Суюнбаева айтып берди.

Депрессиядан чыгуу үчүн кандай чараларды көрүү керек?

Бардыгыбыз жакындарыбыздын, өзгөчө ата-энебиздин колдоосуна муктажбыз. Бир караганда чоңдор өспүрүм балдарды такыр түшүнбөгөндөй, көңүл бурбагандай, укпагандай сезилет. Ошонун айынан балдар аларга таарынат, капа болот, орой мамиле жасашат. Айрымдар сүйлөшпөй коюну чечип, үн катпай түнт боло түшүшөт. Эч нерсе жасагың келбей, жөн эле жаздык кучактап ыйлап жата бергиң келет.

Ооба, чоңдор чынында эле өспүрүм балдарды түшүнүшпөсү мүмкүн. Ошондуктан кандай мамиле кылышты, кандай иш аракет жасашты, кантип жардам беришти белишпейт.

Ошондуктан ичтеги сезимдерди ачык билдиргенди үйрөнүү зарыл. Жан дүйнөңдө эмне болуп жатканын ата-энеңе жеткирүүгө, билүүгө жардам бер. Ооба, бала кезде бардык ата-эне наристесинин каалаган нерсесин алдын ала билип, алдын ала жасашат. Жөн гана ыйлап, чатак салуу жетиштүү. Бирок, акылы топтоп калган адамдын кичине баладан негизги айырмачылыгы ушунда, ал ага эмне керек экенин сөз менен түшүндүрүп жеткире алат, макулдашууга келгенди билет.

Үй-бүлө бул команда, анын ийгилиги, бактылуу жашоосу үй-бүлөнүн ар бир мүчөсүнөн, анын ичинде сенден да көз каранды. Мамилени калыптандырууда атасы, апасы, баласы, б.а. ар бир мүчөсү катышат.

Төмөнкү нерселерди өзүң үчүн эрежеге айландыр:

  • Ата-энеңден эле талап кыла бербей, өзүң да алардын иштерин, ден соолугун, маанайын кызыгып сурап тур.
  • Жеке ойлоруңду, алдыга койгон пландарыңды, максаттарың менен бөлүш.
  • Өз алдынча болууга үйрөн, жана ошого умтул.
  • Сага жакпаган нерселерди, мамилени, жайдары жана сылык формада билдир.

Ичтеги ачууңду кантип чыгарса болот?

Биздин жашоо түрдүү эмоцияларга жык-жыйма толгон. Эмоциялар оң жана терс болушат. Жакшы эмоциялар бизге кубаныч тартуулап, жашоодон ырахат алууга жардам берет. Ал эми терс эмоциялар жаңы бийиктиктерге көтөрүүлүүгө, жеңишке жетүүгө, күчтүү инсан болууга шарт түзөт.

Терс эмоцияларды негативдүү деп атаганыбыз менен алар да бизди коргойт. Оң эмоциялар да терс эмоциялар да биздин өнүгүүбүзгө керек.

Негативдүү эмоцияларды чыгаруунун төмөнкүдөй эрежелери бар:

Бир несеге нааразы болуп жатсаң, эмне жакпай жатканын так жана даана айт.

  1. Ачууң келип турса, дароо билдир.
  2. Ситуацияны объективдүү кароого аракет кыл: “Менин жиним келип жатат, анткени ....”
  3. “Мен” деген атоочту колдон.
  4. Ичтеги сезимдерди ата: “Мен ачууланып жатам”, “Мындай мамиле мага катуу тийди”, “Мен капа болдум” ж.б.
  5. Сөздөрүңдү мимика, интонация, кол жаңсоо менен кошто.
  6. Эмнени каалап же кандай болушун каалап жатасың, даана түшүндүр.
  7. Башканын оюн, аргументтерин жайдары отуруп уга бил.

Сенин чын дилиңден жасаган аракетиң конфликти чечүүдөн тышкары айланадагылардын да сый урматын жогорулатат.

Өспүрүмдөр теңтуштары менен мамиле курууда эмнелерге көңул бурушу керек?

  • Башка адамдар менен сүйлөшүп мамиле куруу үчүн алгач өзүңдү жакшылап таанып алышың керек. Менин кандай сапаттарым бар? Мага эмнелер жагат? Мен кандай музыка угам? Ж.б.
  • Өзүңдүн жан дүйнөңдү байыт, ошол эле учурда башка адамдын да ички дүйнөсүнө сый мамиле кыл. Башка адамдын жүрүм-турумун, маанайына байкоо жүргүз. Суроо берип алар тууралуу көбүрөөк маалымат алганга аракет кыл. Анын артыкчылыктарын тап, сындаба.
  • Эсиңде болсун, ар бир адам сый мамилеге татыктуу. Өзүңө кандай мамиле жасалуусун кааласаң, өзгөгө да ошондой мамиле кыл.
  • Майда мүчүлүштүктөрүнө көңүл бурба, адамдардын бардыгы идеалдуу эмес. Бул нормалдуу көрүнүш. Сенде да кемчиликтер бар.
  • Тамашаны кабыл алганды үйрөн. Бирөө жарым сырткы келбетиңе, окуудагы жетишкендиктериңе же материалдык абалыңа тиешелүү сын айтса тамаша менен жайгарууга аракет кыл.
  • Башка адамдын пикрин угуп, диалог (монолог эмес) курганды өздөштүр.
  • Чыгармачылыгыңды өрчүт. Өзүңө жаккан, жасаган ишиңен чыныгы ырахат алган хобби менен алектен.
  • Досуңду жоготуп жатсаң, себебин табууга аракет кыл. А балким силер өзгөрдүңөр, демек кызыгуулар, баалуулуктар да башка болуп калды. Демек, сенин жашооңо башка адам келет. Ал эми чыныгы достор сени менен өмүр бою болот.

Ийгилик!

#билесиңбиөспүрүм

Психолог Асель Суюнбаева менен @_psy_help_ баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.  

Башка суроолорго жоопторду бул жактан окусаңыз болот:

Апам “сени окутуш үчүн төрөгөн эмесмин, тилимди албасаң үйдөн чыгып кет” деди

10 жашымда байкем зордуктап койгон, ал учурда эмне экенин түшүнгөн эмесмин

Атам ичет, ага жинденген апам ачуусун менден чыгарат. Эмне кылышым керек?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт