Төшүмдүн бири-чоң, бири кичине экени билинип калат. Ошого уяла берем
17 жаштамын, бир көкүрөгүм чоң, бири аябай эле кичине. УЗИге түшсөм, өзү эле ушундай киста жок дейт. Бирок эмнеге кичине экенин айта алышкан жок.
Эмнеге мындай? Айырмасы бар экенин билинип калат, уяла берем.
Аида Осомбаева
Маммолог
Саламатчылык. Бул сүт бездеринин ассиметриясы деп аталат, анын себептери бир нече болушу мүмкүн. Алар төмөнкүлөр:
- тукум куугандык, жана сүт бездеринин бир калыпта эмес өсүүсү;
- эндокриндик системадагы көйгөйлөр;
- “гипоплазия” деп аталган тубаса кемтик;
- сүт безинде пайда болгон шишик;
- травма алуу.
Эгер изилдөө жүргүзүлгөндөн кийин эч кандай көйгөй аныкталбаса, анда гормонго анализ тапшырса болот, башкача айтканда эндокринологго кайрылуу зарыл.
Эгер бардык көрсөткүчтөр нормага ылайык болсо, демек бул жөн гана анатомиялык өзгөчөлүк. Келечекте пластикалык хирурга кайрылып, консультация алып көрсөңүз болот.
Ден соолукта болуңуз!
Маммолог Аида Осомбаева менен @dr.mammolog.kg инстаграм баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
Маммологдун башка жоопторун бул жактан окусаңыз болот:
Эмчегимдин учу карттанып, кайра-кайра түшө берет, эмнеден болушу мүмкүн?
Кызымды эмчектен чыгарганыма бир жылдан ашты, бирок дагы деле сүтүм бар
Боюмда бар, колтугумда бир дөмпөк пайда болу, эмнеден болушу мүмкүн?
Мен эркекмин көкүрөгүмдо без бар, жок кылса болот? Маммологдун жообу