Бир кыз менен жатып койгом, эми жыныстык мүчөмөн ириң агып жатат. Бул эмнеси?
Мен 29 жаштамын, беш күн мурун бир кыз менен жатып койдум эле. Эми жыныс мүчөмөн ириң агып жатат. Үч күндөн бери антибиотик сайып атам, токтогон жок. Доктурга барган жокмун, эмне кылыш керек?
Азат Бейшенов
Уролог
Саламатсызбы. Сиздин ооруңуз гонорея деп аталат. Көпчүлүк учурда оору жуккандан эки-үч күндөн бир жумага чейинки убакыт аралыгында кычышып, ачышып, тез-тез заара ушатканы чуркап жана көгүш түстөгү ириң суюктугу келе баштайт.
Гонорея эркектердин жыныс мүчөсүнүн каналдарын гана жабыркатпастан, козгогуч микроб өйдө көтөрүлүп, простата бездерин, табарсыкты жана бөйрөктү сезгентиши мүмкүн. Ошондо дагы дарыланбай жүрө берсе, өнөкөт ооруга айланып, жүрөк кан тамыр, муун ооруларын пайда кылат. Эң коркунучтуусу тукумсуздукка алып келет.
Гонорея антибиотик менен дарыланбайт. Ал үчүн комплекстүү түрдө бир нече препарат жазылат. Доктур айткандарды так аткарып, аягяна чейин дарылансаңыз, сакайып кетесиз.
Мындан ары презервативди ар дайым жана туура колдонууну сунуштайм. Анткени гонореяны же башка жыныстык катнаш аркылуу жугуучу ооруларды кайра жугузуп алышыңыз мүмкүн.
Ден соолугуңузга жоопкерчиликтүү мамиле кылыңыз!
Азат Бейшенов менен @urologyazat_kg инстаграм баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:
Бел суусу эрте түшкөн эркектерге пайдалуу маалымат
Жыныстык катнашты кантип узартса болот? Бел суусу эрте түшкөн эркектерге кеңеш
Аял үчүн жыныстык катнашсыз жашоо зыянбы? Сексолог айтып берет
Эркек көпкө чейин жыныстык катнашка барбаса эмне болот? Адистер айтып берет
Саламатсызбы? Врач гинекологдон кенеш кутом, азыркы учурда 10 жумалык кош бойлуумун, 7жумасында УЗИ ге тушком баары жакшы кичине угроза бар деге, бугун коричневый выделение келгенин УЗИ тушсом балан 7жумадан кийин осбой калаган дейт болушу мумкунбу? 2жума сезген жокмун таксикоз болуп эле журом же башка УЗИ ге барсам болобу?