Боюмда бар, скрининг жасатуу баланын ден соолугуна терс таасирин тийгизбейби?
Саламатсызбы, мен да суроо берсем, жооп алып бересизби? Он жумалык боюмда бар, ушул убакка чейин бала ылдый деп, үч жолу УЗИге түштүм. Эми 12 жума болгондо скрининг жасатасың деп жатат. Кайра-кайра түшө берсем, эч нерсе болбойбу?
Жамиля Сагинова
Гинеколог-эндокринолог
Саламатчылык. Хорион төмөн бекип калса керек, ошондон улам “угроза” болуп үч ирет УЗИ жасатууга туура келди.
Скрининг – бул ультра добуштук изилдөө жана кандын биохимиялык анализи.
12чи жумадагы скрининг бардык кош бойлуулар үчүн милдеттүү процедура. Анткени ушул мөөнөттө гана баланын моюнундагы бырыштардын калыңдыгын карап, Даун синдромун жана башка бир катар тубаса кемтиктерди аныкташат.
Скрининг эне жана баланын ден соолугуна эч кандай таасирин тийгизбейт.
Аман-эсен көз жарып алыңыз.
Гинеколог-эндокринолог Жамиля Сагинова менен инстаграмдагы @ginekolog_endokrinolog1 баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
Бул жерден адистин башка суроолорго берген жоопторун окусаңыз болот:
Боюмда бар, демим кысылып жатат, бул нормалдуубу же доктурга көрүнүшүм керекпи?
УЗИге түшсөм баланын башында суусу бар деди. Ал эмне дегенди билдирет?
Кош бойлуумун бирок кан кетип жатат. Доктурга кайрылсам боюмдан алып салбайбы?
Разрыв болгом, тиктирген жерим ажырап кетиптир, кайра тиктирсем болобу?
Уул төрөгөүм келет, кандай ыкмаларды кылсам болот? Гинеколог жооп берет