// //

Атасынын соттолгону кызыма жумушка кирээрде кыйынчылык жаратпайбы?

2020.11.20, 12:55
1618

Кызым 18де, юридикалык колледжде окуйт. Жолдошум 20 жыл мурун женил статья менен бир жылдык кара жумушка кесилген.

Эми ошонусунун кесепети кызыма тийип калбайбы? Жумушка кирээрде кыйынчылык жаралбайбы? Эмне кылсак болот?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
20.11.2020, 12:55

Эркингүл Шаршенбекова

Адвокат

Саламатсызбы. Жолдошуңуз Кыргыз Республикасынын ИИМдин Маалыматтык технологиялардын башкы башкармалыгына кайрылып (ГУИТ МВД КР), текшерип көрсүн. Негизи 20 жыл мурун соттолгон болсо, азыркыга чейин жоюлуп кетиши керек.

Ал эми атасынын соттолгондугу кызына эч кандай таасирин тийгизбейт, себеби мыйзамда андай шарт жок.

Ийгилик!

Адвокат Эркингүл Шаршенбекованы инстаграмдагы @advokat_kg_erkingul баракчасы аркылуу тапсаңыз болот.

Башкы беттеги сүрөт иллюстративдүү.

Адвокаттын башка суроолорго жоопторун бул жактан окусаңыз болот:

Келинчегим мага айтпай туруп үйүбүздү сатып жиберген. Сотко кайрылсам болобу?

Апам үйдү өз наамына өткөргүсү келет, менин уруксатым жок өткөрө алабы?

Кайын атамдын үйүндө өгөй кайын агам турат. Үйүбүздү кантип өзүбүзго алсак болот?

Батирдин ээси жашабасам да эки айдын акчасын төлө деп жатат. Ушул туурабы?

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт