Жатынды алып салгандан кийин жыныс кыны муздак болуп калат дегени чынбы?
Экинчи төрөтүмөн кийин жатынымды алып салышкан. Сурайын дегеним, бул менин ден соолугума зыянын тийгизбейби? Этек кирим да келбейт, бара-бара аялдын жыныс кыны муздак болуп калат дегени чынбы?
Светлана Коздрович
Гинеколог-эндокринолог
Саламатчылык. Жатынды алып салгандан кийин аялдын жумуртка бездери соолуй баштайт, бул климактерикалык абалды, карылыкты эртелетиши мүмкүн. Мындай көрүнүштү алдын алуу үчүн гинеколог-эндокринологго кайрылып, сизге ылайыктап гормон тандасаңыз болот.
Жыныс кыны муздап калат деген чындыкка жатпайт. Аял кишинин жыныс кыны ар дайым денесинин температурасынан 1,5-2 градуска жогору болуп турат жана жатындын жоктугу анын ысык-муздагына эч кандай таасирин тийгизбейт.
Ден соолукта болуңуз.
Гинеколог-эндокринолог Светлана Коздровичти инстаграмдагы @arzclinic баракчасы аркылуу тапсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
Бул жерден кош бойлуулук жөнүндө дагы окусаңыз болот:
ЭКО деген эмне? Кимдерге жасалат? Баасы канча турат? 10 суроого жооп
Токсикоздун белгилери жана аны жеңилдетүү жолдору
Эклампсия деген эмне? Белиглери, себептери жана кесепети
Толгоо башталганын кантип билем? Кош бойлуу келиндер үчун шпаргалка