// //

Жаштар жана өспүрүмдөр үчүн психологдор акысыз жардам көрсөтөт

2020.11.19, 12:41
2284

БУУнун калкты жайгаштыруу фонду (ЮНФПА) көп жылдар бою Кыргызстандагы жаштардын потенциалын өркүндөтүү, ошондой эле өспүрүмдөргө жана жаштарга ыңгайлуу кызматтарды иштеп чыгуу боюнча иштерди аткарып келе жатат. Уюм  жаштардын өсупүрүм курагын мүмкүн болушунча ыңгайлуу кылууга аракет кылып, сексуалдык жана репродуктивдик ден-соолук жана укуктар боюнча программаларды ишке ашырууда.

2020-жылы COVID-19 пандемиясы адамдарда коркуу жана тынчсыздануу сезимдерин пайда кылды. Натыйжада калк арасында стресстин деңгээли жогорулаганы байкалды. 

Бул нерсени жакында жүргүзүлгөн изилдөөнүн жыйынтыктары дагы бир жолу тастыктады. Анда жаштардын жана өспүрүмдөрдүн жарымынан көбү (60%) башынан жогорку деңгээлдеги тынчсызданууну өткөрүшкөнү белгиленди. Алардын тынчсыздануусу жакындарынын, айрыкча ата-энелеринин, өздөрүнүн ден-соолугуна, ошондой эле өлкөнүн келечеги жана белгисиздик менен байланыштуу.

Мындан тышкары, пандемия жана карантин өспүрүмдөр арасындагы суициддин көбөйүшүнө өбөлгө түздү. Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, Кыргызстанда 18-28-март аралыгында эле жети жашы жете элек өспүрүмдөр өз жанын кыйышкан. Каза болгондор 12 жаштан 16 жашка чейинкилер.

Суицид бир нече себептерден улам келип чыгышы мүмкүн. Мисалы, үй-бүлө мүчөлөрүнүн тынчсыздануу деңгээли, пандемия учурунда кирешенин төмөндөшү, жумуштун жоктугу, өлкөдөгү өзгөчө кырдаалдан улам эртеден-кечке үйдө болуу ж.б. Ошондой эле, өспүрүмдөр онлайн окууга аргасыз болушту, достору, теңтуштары менен жолуга албай калышты. Ушул факторлордун бардыгы өспүрүмдөрдүн жанын кыюусуна же өз өмүрүнө кол салуу аракеттерин күчөшүнө түрткү болушу мүмкүн.

Ушуга байланыштуу, ЮНФПА Bilesinbi.kg онлайн платформасы жана психологдордун колдоосу аркылуу өспүрүмдөрдүн психикалык ден-соолугун чыңдоого өз салымын кошууну көздөдү.

Өспүрүмдөр жана жаштар үчүн (14-25 жаш), азыр психологдор менен байланышуу оңой болуп калды - онлайн.

Өзүн-өзү изоляциялоо, карантиндик иш-чаралар жана онлайн режиминде билим алууга байланыштуу суроолоруңуз болсо, атайын психологдор колдоо көрсөтүшөт.

#психолог #консультация #онлайнпсихолог #unfpakg

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт