// //

Ата-энеси мигрант болгон өспүрүмдөр үчүн психологдун кеңештери

2020.11.18, 11:24
1819

Кыргызстандын Эмгек министрлигинин маалыматына ылайык 29 000 баланын ата-энеси миграцияда. Укук коргоочулардын билдирүүсү боюнча андай балдар 265 000 чукул.

Психолог Нуриза Батырбекова ата-энеси алыста жүргөн өспүрүмдөр кандай ойлорго туш болушат, алар өздөрүнө кантип жардам бере алышат, жана ата-энесине болгон таарынычын кантип жеңсе боло турганын айтып берди.

Узак убакыт ата-эненин алыста болгону балдардын психикасына кандай таасирин тийгизет?

Ата-энесинен алыс болуу бардык балдар үчүн стресс. Бала ыйлап-ыйлап басылып калат, унутуп калат, алаксыйт – деп коюшат. Бирок андай эмес. Узак убакытка чейин ата-энесин көрбөй калуу анын жашоону кабыл алуусуна, мүнөзүнө, тагдырына таасирин тийгизет.

Мисалы, айрымдар башка адамдарга ишене албай калышат, же көңүлүн бир жерге чогултуп, концентрация боло албайт. Физикалык жактан алып карай турган болсок, сагынган бала көп ооруйт, денесине жаралар чыгып, аллергия болот. Ата-эне алыста жүрүп баласын канчалык сагынса, кичинекей бала андан он эсе көбүрөөк сагынат.

Ата-энесинин алыста жүргөнүн өспүрүм балдар кандай кабыл алышат?

Өспүрүм балдар чоңоюп, көп нерсени түшүнүп калат. Алар өздөрүн толугу менен тейлеп, баскан-турганын көзөмөлдөшөт, ичиндеги сезимдерди сөз менен жеткире алышат. Кыскасы, физикалык жактан көз карандысыз инсан. Андай болгону менен психологиялык жактан ал дале ата-энесине муктаж.

Сырткы келбетинде өзгөрүүлөр жүрүп, бойдун өсүүсүнө ички органдары жетишпейт. Ошондон улам кыймылы олдоксон, дене түзүлүшү оркоюп калат. Андан тышкары тез чарчап, оргизми алсыз болот. Гормоналдык өзгөрүүлөр да бардык энергиясын алып турган учур.

Психологияда адамдардын муктаждык пирамидасы, деген түшүнүк бар. Ага ылайык адам баласы коопсуздукту сезүү баскычынан кийин эле коомдо кимдир бирөөгө таандык экенин билүү, башка адамга кымбат экенин сезүү муткаждыгы турат. Ошондуктан өспүрүм балдар да ата-энесине, алар менен баарлашууга, пикир алышууга муктаж.

Ата-энеси алыста жүргөн өспүрүмдөр кандай сезимдерге туш болушат?

Балдар бири-бирине окшош эмес, бир эле жагдайга карата сезимдери да ар кандай болот. Бирок менин тажрыйбамда эң көп кездешкен сезимдер бул: таарыныч, ызалануу, ачуулануу.

Көпчүлүгү ата-энесин капа кылгандан коркуп, сезимдерин ачык айта алышпайт. Анын жан дүйнөсүндө эмне болуп жатканын жүрүм-турумунан байкаса болот.

Мисалы тез-тез ооруй берүү, ашыкча боёнуу, сабака болгон кызыгууну жоготуу, түнт болуп калуу, суроолорго орой жооп берүү, денесин көгөртүү ж.б. Булар өспүрүм баланын каршылык көрсөтүүсү, жаралган кырдаалга макул эместиги катары кабыл алса болот.

Ата-энеси алыска кетүүгө аргасыз болгонун акылы менен билип турса да жан дүйнөсү менен кабыл алгысы, түшүнгүсү келбейт. Алар мени багыш үчүн кетишти, андан көрө мен төрөлбөй эле койсом болмок, мен жок болсом, бул жакта эле жүрүшмөк ж.б. у.с. ойлорго туш болушат.

Чоңдорго болгон таарынычты кантип жеңсе болот?

Ата-энеңиз менен көбүрөөк байланышып туруңуз. Ичиңиздеги эмоцияларды атап, ачык айтыңыз: мен таарынып жатам, мен сагындым, мен куса болдум, мен ачууланып жатам ж.б.

Сизди жакшы түшүнгөн жана колдоо көрсөтө турган адам менен баарлашыңыз. Бул чоң ата-чоң апаңыз, таята-таенеңиз, бир туугандарыңыз, классташыңыз, досуңуз же курбуңуз болушу мүмкүн.

Сезимдерди башка адамга айта албасаңыз анда күндөлүк жазыңыз, ырдаңыз, бийлеңиз, спорт менен машыгыңыз.

Өспүрүм бала ата-энеси менен эмоционалдык байланышты кантип сактап калса болот?

Мында башкысы улам-улам байланышып, сүйлөшүп туруу. Мисалы, күндө бир маалда телефон чалышып, же бири-бириңерге билдирүү жөнөтүп турсаңар болот. Кутман күн, деп учурашып, бүгүнкү күнүңүз ийгиликтүү же жагымдуу маанайда өтсүн – деп калоо айтсаңыз болот. Кечкисин бейпил түн каалаңыз. Өзүңүздөгү окуяларды айтып бериңиз, оюуңузду ээлеп турган сезимдериңиз менен бөлүшүңүз.

Ата-энеси алыста жүргөн өспүрүмдөр өздөрүнө жана бир туугандрына кантип жардам бере алат?

Бир туугандар бири-биринин сезимдерин жакшы түшүнүшөт, анткени алардын абалы бирдей. Кайсы сөз, кандай мамиле катуу тийип, кандай нерсе кубандырат же капага салаарын билет.

Ошондуктан бири-бирине жакшы жардам бере алышат. Дагы бир ирет кайтадайм: көбүрөөк сүйлөшкүлө! Мен сени түшүнүп турам, мен да апамды сагындым, мен да анын эртерээк келүүсүн каалап турам. Сен жалгыз эмессиң – деп айткыла.

Ошондой эле кичинекей бөбөктөр кучакташып турууга муктаж. Алдыңарга алып, кол кармашып, бетинен өөп туруу сиз үчүн да кичинекей бала үчүн да абдан маанилүү.

#билесинбиөспүрүм

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт