// //

Бөйрөгүмдө белок бар экен, ичтеги балага таасири тийбейби? Гинеколог жооп берет

2020.11.17, 11:23
1811

Саламатсызбы. Мен 20 жаштамын, учурда боюмда бар. Заарамда жагымсыз жыт пайда болгонунан доктурга барып анализ тапшыргам. Инфекция бар экен, белок бар экен деп, УЗИден бөйрөгүмө суук тийгенин айтышты.

Белок менен инфекция балага кандай таасир тийгизет? Зыян эмеспи?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
17.11.2020, 11:23

Светлана Коздрович

Гинеколог-эндокринолог

Саламатчылык. Кош бойлуулук учурунда инфекция жугузуу жана бөйрөктөрдүн сезгенүүсү көп эле кездеше турган көйгөй. Ал бойго көтөрүүдө абдан кооптуу. Түйүлдүк үчүн канчалык деңгээлде коопту же коопсуз экени сезгенүүнү кайсы бактерия козгоду, ошондон көз каранды.

Мындайда антибактериалдык терапия милдеттүү түрдө жазылат, айрым учурларда стационарга жаткыруу сунушталат.

Аман-эсен көз жарып алыңыз.

Гинеколог-эндокринолог Светлана Коздровичти  инстаграмдагы  @arzclinic баракчасы аркылуу тапсаңыз болот.

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.

Бул жерден кош бойлуулук жөнүндө дагы окусаңыз болот:

ЭКО деген эмне? Кимдерге жасалат? Баасы канча турат? 10 суроого жооп

Токсикоздун белгилери жана аны жеңилдетүү жолдору

Эклампсия деген эмне? Белиглери, себептери жана кесепети

Толгоо башталганын кантип билем? Кош бойлуу келиндер үчун шпаргалка

Кош бойлуулук календары (25-40 жума)

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт