Мен адамдардын сезимин байкабайм, кантип үйрөнсөм болот? Психологдун кеңеши
Саламатсызбы. Менде бир суроо бар: жашым 30га таяп калды, бойдокмун. Ушул кезге чейин бир да кыз менен жетелешип кыз-жигит болгон эмесмин. Кыздардын айтуусу боюнча мен бирөөнүн сезимин байкабайт экенмин. Кантип бирөөнүн мени жактырып жатканын байкоого үйрөнсөм болот?
Өзүмдү “мага сүйүү келе элек” деп сооротуп жүрө бериптирмин.
Мария Самсонова
Психолог
Саламатчылык. Табият адамдарга жеке сезимдерин билдирүүсү үчүн тил берген. Эгер сезимдерин билдиргиси келишсе ал тууралуу айтуу керек. Сиз бирөө жарымдын кандай ойлорго, сезимдерге туш болуп жатканын табууга, аныктоого милдеттүү эмессиз.
Нормалдуу адам сезимдери жөнүндө айткысы келсе айтат. Эгер айтпай туруп, менин сезимимди байкаган жоксуң деп айыптаса, бул анын жоопкерчилиги, сиздики эмес.
Бактылуу болуңуз.
Мария Самсонова менен инстаграмдагы @samsonova.psiholog баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
Бул жактан псхологдун башка кеңештерин окусаңыз болот:
Апамдын каза болушуна атамдын салымы чоң. Кантип аны кечирем?
Жигитим менден 11 жаш улуу. Жаш айрымачылыгыбызкийин көйгөй жаратпайбы?
Эл алдына чыгып сүйлөгөндөн корком. Коркоктугумду кантип калтырам?
Күйөөм интернеттен кыздар менен сүйлөшө берет. Бул оорубу эмне?