// //

Күйөөм сабаганда кайын атам, кайын энем карап турушчу. Аларды кантип кечирем?

2020.11.12, 15:52
2594

Саламатсызбы! Мен да психологдун кеңешине муктажмын. 

Мен 21 жаштамын, 16 жашымда турмушка чыккам, көп кыйынчылык көрдүм. Себеби жолдошумдун ата-энеси, бир туугандары күн көргөзүшкөн жок. Оор жумуштун айынан биринчи балам чарчап калган, экинчим кыз төрөлдү. Бирок кыз деп жээришип, мени аябай кемсинтишчү.

Апасынын айтканын угуп жолдошум мени көп сабады, кайын атам менен кайын энем карап тура беришээр эле. Ошол күндөрү өлүп эле алсамбы деп ойлнчумун.

Ата-энем бар, кудайга шүгүр. Бирок атам сүрдүү, түшүнүгү илгерки киши. Даттанып барсаң “жашайсың, жашабаганда кайда бармак элең?!” деп мени кайра жеткирип салчу.

Кайын журтум атамдын ушундай экенинен пайдаланып, ого бетер мени басынтып турушчу. Экинчи кызымды төрөгөндөн кийин мындай жашоого чыдабай кетип калдым.

Байкемдин үйүндө жашап жүрдүм. Иштеп бир жылга жетпей өзүмдү да кызымды да багып, тыңып кеттим. Андан кийин күйөм кечирим сурап келди. Кечиргим келген эмес, бирок кызымды ойлоп макул болдум. “Ата-энең менен жашабайбыз, өзүнчө квартирага чыгабыз” деген шарт койдум.

Азыр бардыгы кудайга шүгүр, күйөм мурункуга караганда оңолду. Мен ал кезди эстеп жаман боло берем. Кантип эстебей койсом болот? Кантип бардыгын унутам? Азыркыга чейин ата-энесинин үйүнө баргым келбейт. Мага кеңеш бергилечи?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
12.11.2020, 15:53

Асель Суюнбаева

Психолог

Башыңыздан оңой эмес күндөр өтүптүр. Эмне үчүн эрте турмушка чыкансыз? Күйөөңүз менен сүйлөшүп жүрүп баш коштуңар беле? Сизди коргой турган, колдой турган кишиңиз барбы? Ж.б. коптөгөн суроолор жаралып жатат.

Болоору болуптур, мындан аркы жашооңузду колго алыптырсыз, азаматсыз!

Мурунку күндөрдү эстей берем, кантип унутам деп суроо бердиңиз. Алардын бардыгын күйөөңүз өзүнүн мамилеси, жүрүм-туруму менен гана унуттура алат.

Бирок бир нерсеге даяр болуңуз, адамдын өзгөрүшү кыска убакытта боло турган иш эмес. Бардыгы кайталанышы мүмкүн.

Бирге жашап калганыңыз кечиргениңиздин белгиси, ошондуктан жолдошуңуздун жакшы сапаттарын издеп, ага жакшы мамиле кылыңыз. Ага да оңолүүга мүмкүнчүлүк бериңиз.

Эгер дагы бир ирет кол көтөрсө өз алдынча эле жашоого моралдык, материалдык жактан даяр болуңуз. Анткени кызыңыз бар экен, ага кандай үлгү болуп жатканыңарды ойлонгула. Атасы апасын уруп-сабап жаткан кыз атасына окшош күйөө тандап алат. Анткени анын аң сезиминде үй-бүлөдө мындай нерселер боло берет, деген ой калыптанып калат.

Аялдар балдар үчүн чыдап жашайм, деп көп айтышат. Бул туура эмес позиция, бактысыз эненин балдары бактылуу боло албайт.

Ар бир адам бактылуу болуу үчүн жаралат. Жаман адам менен бактысыз бологондон көрө, жалгыз бирок бактылуу өмүр сүргөн артык.

Бактылуу болуңуз.

#билесиңбиөспүрүм

Башка суроолорго жоопторду бул жактан окусаңыз болот:

Апам “сени окутуш үчүн төрөгөн эмесмин, тилимди албасаң үйдөн чыгып кет” деди

10 жашымда байкем зордуктап койгон, ал учурда эмне экенин түшүнгөн эмесмин

Атам ичет, ага жинденген апам ачуусун менден чыгарат. Эмне кылышым керек?

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт