Коркоктук менен “самооценканын” бири-бири менен байланышы барбы?
Өздүк бааны кантип калыбына келтирсе болот? Кээде калыбына келип эркин жүрүп калам, кээде төмөн түшүп чөгүп кетем. Менимче баары стресстен, көптөгөн көнүгүүлөрдү кылдым, элдин көзүнчө ырдап, кыйкырып көрдүм.
Ачыгын айтканда бала кезимен күлку дегшен эмне экенин билбей чоңойдум. Ар дайым уруш, ый болуп турчу. Элдер да мени басынтып, катуу сүйлөп, башкача карап жаткандай сезиле берет.
Мээнетимдин сыйлыктарын алып, ийгиликтерге да жетишип көрдүм, бирок баары бир болбой койду.
Нуриза Батырбекова
Психолог
Саламатчылык. Өздүк баа – бул эмоционалдык деңгээлдеги өзүбүзгө жасаган мамилебиз. Анын 3 түрү болот:
- төмөн өздүк баа;
- нормадагы өздүк баа;
- жогору өздүк баа.
Төмөн өздүк баада адамда өзү үчун уялуу, өзүн жаман көрүү, өзүн урушуу, жемелөө сезимдери көп болот.
Норма бологондо, адам өзүнүн артыкчылыктарын жана кемчиликтерин даана билет. Аларды рационалдуу колдонуп жашайт.
Өздүк баасы жогору бологон учурда адам өзүнүн жакшы жактарын гана билет, терс сапаттарын байкагысы, көргүсү келбейт.
Өздүк бааны жалгыз алып кароо мумкүн эмес. Анткени ал биздин жакындарыбыздын бизге жасаган мамилесинен көз каранды. Тилееке каршы, бардык эле адамдардын жакындары жакшы мамиле жасай бербейт. Мындайда төмөнкү кадамдарды жасоо керек:
- Эмне үчүн менин өздүк баам төмөндөп кеткен, булагын табыңыз.
- Жакшы сапаттарыңызды билген, сизди баалаган адамдар менен көбүрөок мамиле куруңуз.
- Жакшы сапаттарынызды аныктап алып, аларды күнүмдүк жашоодо колдонуп, адатка айландырыңыз.
Психологияда абдан сонун көнүгүү бар, ал “ну и что?”, “зато” деп аталат. Мисалы: Ооба, мен сүрөттү жакшы тарта албайм, анын эмнеси бар экен? А бирок менин үнум жакшы, менин ырдаганым уккулуктуу. Ооба, мен адамдын көзу өткон сулуу эмесин, бирок мен жылдыздуумун. Мен адамдарды өзүмдүн шайырдуулугум менен тартып алам ж.б.
Ар дайым өзүңүздүн мыкты сапаттарыңызды издеп, аны өнүктүрүп мыктылоого аракет кылыңыз.
Ийгилик!
#билесиңбиөспүрүм
Психолог Нуриза Батырбекованын башка суроолорго берген жоопторун бул жактан окусаңыз болот:
Ала оорусу менен ооруйм, мени эч ким күйөөгө албаса керек. Психологдун кеңеши
Атамдын агасынын баласы 4 жыл зордуктап жүрдү, мындан аркы жашоом кандай болот?
Үйлөнөбүз дегенден бери жигитим мага кол көтөрөт, үйдөгүлөр мен түшүнбөй коюшту