Үйлөнөбүз дегенден бери жигитим мага кол көтөрөт, үйдөгүлөр мен түшүнбөй коюшту
Саламатсызбы. Мен 18 жаштамын, кесибим-сүрөтчү. Бир жыл мурун бир жигит менен таанышып, кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрдүк. Мен үчүн бул биринчи сүйүү болчу.
Ата-энелерибизди тааныштырып, той берели деп пландаштырып баштаганбыз. Ошондон тартып мага кол көтөрүп, кемсинтип, мамилеси такыр өзгөрдү.
Мен чоң апамдын колунда өскөм, үйдөгүлөрдүн бардыгы аябай каардуу кишилер. Бир сүйлөшкөн жигитке тиесиң, болбосо үйдөн кетиребиз, сендей кайсалактаган кыздын бизге кереги жок, деп айтышты.
Мен ал бала менен жашагым келбейт. Азыр тамакка табитим жок, көз жашымды төгө албай, жүрөгүм ооруп, кыйналып турам. Өз жанымды өзүм кыйгым келет, айласын да таптым.
Мага жардам бергилечи сураныч!
Нуриза Батырбекова
Психолог
Саламатчылык. Абалыңыз абдан кейиштүү. Бирок, мындай кырдаалдан чыгып кетүүнүн жолдору бар. Сиз жардам сурап кайрылып жатасыз, демек күчтүү адамсыз, болуп жаткан окуяга жөн эле моюн сунуп, утулуп калгыңыз келбейт.
Эрих Берн деген психолог “ар бир адам бул жашоого бактылуу болуу үчүн келет” деп жазган. Сиз да бактылуу болууга, алдыга койгон максаттарга жетүүгө, чыныгы сүйүүгө туш болууга татыктуусуз.
Психологияда зордук-зомбулук көрсөткөн адамды - абьюзер деп коюшат. Абьюзер өнөктөшүнүн өздүк баасын төмөндөтүп, өзүнө болгон ишенимин жоготот. Мындай адам менен узак мамиледе болуу алсыздыкка, негизсиз тынчсызданууга жана өнөкөт депрессияга алып келет.
Анткени ал курмандыгын атайын изоляцияга салат. Курбулары, туугандары, жакындары менен жолугушуусуна, сүйлөшүүсүнө тыюу салат. Өзүнөн башка адамдар менен мамилесин үзүп салууга умтулат. Себеби толугу менен көз каранды болушун каалайт.
Абьюзерден кетүү оор, бирок мүмкүн. Ал үчүн жакындарыңыздан жардам сураңыз, же кризистик борборлорго кайрылыңыз. Бул жерден акысыз юридикалык, психологиялык, социалдык жана медициналык жардамдар көрсөтүлөт. Ыкчам байланыш: +996 (312) 51-26-40.
Андан тышкары 111 кыска номерине чалып, психологдордон акысыз консультация алсаңыз болот.
Сиз азыр жашсыз, мындай абалдан чыгып кетүүгө күчүңүз жана энергияңыз жетет.
Жашоодо өлүмдөн башка нерсенин барыдыгн өзгөртсө болот, болгону биздин каалообуз керек. Келечекте сиздин атактуу сүрөтчү болуп, талантыңызга, мыкты чыгармаларыңызга күбө болобуз деп ишенем.
Сизге ийгилик каалайм!
#билесиңбиөспүрүм