Психолог болгум келет, кайсы окуу жайга тапшырышым керек? Психологдун кеңеши
Мен 17 жаштамын, учурда 11-класстын окуучусумун. Мектепти бүткөн соң психология факультетине тапшырам деп ниет кылам. Кайсы университеттерде психология факультети бар? Университеттердин шарттары кандай?
Нуриза Батырбекова
Психолог
Саламатчылык. Абдан сонун, мен кубанычтамын. Анткени 17 жашыңда ким боло турганынды билүү, келечектеги кесибиңди алдын ала тандоо абдан сонун көрүнүш.
Психология факультети бир нече окуу жайларда бар. Ич ара психология өзү бир нече багыттарга бөлүнөт. Кайсы багытты тандай турганыңызды окуп жатканда тандасаңыз болот. Же болбосо азыртадан интернеттен маалымат чогултуп, изденип көрүңүз.
Мисалы, мен Бишкек Гуманитардык Университетин бүтүргөм. Бул окуу жайда бюджеттик орундар бар. Башка университеттердин да кабыл алуу, окутуу шарттарын карап көрүңүз. Көпчүлүк окуу жайлардын интернет баракчалары бар.
Ар бир болочок психолог жеке психотерапиядан да өтүүсү зарыл. Анда ички сезимдерин, туюмдарын, ойлорун изилдейт. Менин сизге бере турган кенешим: эмитеден күндөлүк ачып алсаңыз болот. Анын өздүк психотерапияга барганда бир топ жардамы тиет.
Ийгилик!
#билесиңбиөспүрүм
Психолог Нуриза Батырбекованын башка суроолорго берген жоопторун бул жактан окусаңыз болот:
Ала оорусу менен ооруйм, мени эч ким күйөөгө албаса керек. Психологдун кеңеши
Атамдын агасынын баласы 4 жыл зордуктап жүрдү, мындан аркы жашоом кандай болот?
Үйлөнөбүз дегенден бери жигитим мага кол көтөрөт, үйдөгүлөр мен түшүнбөй коюшту