// //

Белекке берилген мүлктү ээси кайра тартып алышы мүмкүнбү? Адвокат жооп берет

2020.11.08, 17:02
1521

Саламатсызбы. Адвокаттан жооп алып бере аласызбы? Апам жакында эле жер сатып алган. Аны өзүнө каттатайын деп барса, күйөөңүздүн колу керек деп айтышыптыр.

Атам менен апам ажырашып кетишкен, бирок ЗАГСы кыркыла элек болчу. Андан кийин апам жерди өзүнө “дарственный” кылып жаздырып алды.

Ушул боюнча көйгөй жаралбайбы? Саткан адам белекке бергем деп кайра тартып ала албайбы? Бул ишти жокко чыгарып, кайра башка адам менен сатып алуу-сатуу келишимин түзүп жаздырса болобу?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
08.11.2020, 17:03

Эркингүл Шаршенбекова

Адвокат

Саламатчылык. Негизи, мыйзам боюнча никеде турган адам ар бир келишимди жубайынын/жолдошунун макулдугу жана кол коюуусу менен жүргүзө алат. Андыктан, силердин кырдаалда белек катары алганы эле оң болот. Мындай келишимди жокко чыгарып, берген белекти кайра кайтарып алуу өтө кыйын. Бирок мүмкүн эмес, деп айтуу, кепилдик берүү да болбойт.

Ишиңизге ийгилик каалайм!

Адвокат Эркингүл Шаршенбекованы инстаграмдагы @advokat_kg_erkingul баракчасы аркылуу тапсаңыз болот.

Башкы беттеги сүрөт иллюстративдүү.

Адвокаттын башка суроолорго жоопторун бул жактан окусаңыз болот:

Келинчегим мага айтпай туруп үйүбүздү сатып жиберген. Сотко кайрылсам болобу?

Апам үйдү өз наамына өткөргүсү келет, менин уруксатым жок өткөрө алабы?

Кайын атамдын үйүндө өгөй кайын агам турат. Үйүбүздү кантип өзүбүзго алсак болот?

Батирдин ээси жашабасам да эки айдын акчасын төлө деп жатат. Ушул туурабы?

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт