Ооругандыктан баланы 5 күн эмизбей турушум керек. Кызымды кыйнап койбоймунбу?
Саламатсызбы. Кызым 10 айлык, эмизем. Ден соолугума байланыштуу 5 күн эмизбей турушум керек болуп жатат. Сүтүмду тез-тез саап турсам, кийин кайра эмизе берсем болобу? Кызымды кыйнап койбоймунбу? Же биротоло эмчектен чыгарганым жакшыбы?
Элнура Жумашева
Педиатр
Саламатчылык. Негизи биз баланы эки жашка чейин эмизүүнү сунуштайбыз. Ал эми сизде ден соолугуңузга байланыштуу эмизбей туруу керек болуп жатса, өзүңүз жазгандай 5 күн бою саап, кийин кайра эмизе берсеңиз болот.
Физиологиялык жактан бала кыйналбайт, анткени 10 айлык бала кошумча тамак ичип калган болот. Сүт талап кылса, эненин сүтүнө максималдуу окшош болгон сместерден берип турсаңыз болот.
Эмчектен чыгарганда бала психологиялык жактан кобүрөөк кыйналат. Жаныңызда жардам бере турган, баланы алаксыткан кишиңиз болсо жеңилирээк болот.
Ал эми кайра эмизесизби же биротоло чагырып саласызбы, өзүңүз чечиңиз.
Тезирээк сакайып кетиңиз!
Педиатр Элнура Жумашева менен инстаграмдагы @elnura_maratovna_pediatr баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
Баланын ден соолугуна байланыштуу башка суроолорго жоопторду бул жактан окусаңыз болот:
Баланын эмгеги чоңураак экен деп жатышат. Балага зыяны жокпу?
Баламдын тамагы тез-тез эле ооруй берет. Эмне кылса болот? Педиатр жооп берет
Кызымдын кулагын тазалап жатып оорутуп алдым. Эмне кылышым керек?