25 жаштамын бойду өстүрүүчү гормон ичсем жардам береби? Ортопед жооп берет
Азыр 25 жаштамын, бойдун өсүүсүнө жардам бере турган препарат жөнүндө маалымат алдым. Соматотропин деген гормон экен, аны заказ кылып ичкени жатам. Кандай колдонсо болот? Негизи эле бойдун өсүшүнө кандай витаминдер жардам берет?
Аджер Касимов
Травматолог-ортопед
Саламатсызбы. Жок, бул гормон бойду өстүрүүгө жардам бербейт. Адамдын боюнун бийик болушу биринчи кезекте анын генинен көз каранды. Эгер ата-энеңиздин бою кичирээк болсо сиз эч убакта узун бойлуу боло албайсыз.
Андан тышкары дүйнөлүк тажрыйба көрсөткөндөй, адамдын боюнун узун болушу жетиштүү жана туура тамактануудан да көз каранды. Өзгөчө бала кезде жана өспүрүм куракта.
Мисалы Түндүк Кореянын жашоочулары Түштүк Кореянын жашоочуларынан 7-10 смге бою кыска. Көп жылга созулган ачарчылык, витаминдердин жетишсиздиги түндүк кореялыктардын алсыз жана бойлору кыска болушуна алып келген.
Бойду өстүрүүчү негизги витаминдер – бул витамин D жана магний.
Травматолог-ортопед Аджер Касимов менен инстаграмдагы @orto.doctor.kg баракчасы аркылуу байланыша аласыз.
Баланын ден соолугуна байланыштуу башка суроолорго жоопторду бул жактан окусаңыз болот:
Баланын эмгеги чоңураак экен деп жатышат. Балага зыяны жокпу?
Баламдын тамагы тез-тез эле ооруй берет. Эмне кылса болот? Педиатр жооп берет
Кызымдын кулагын тазалап жатып оорутуп алдым. Эмне кылышым керек?