Ызы-чууну жек көрөм, бул адатыман кантип арылсам болот? Психологдун кеңеши
Саламатсызбы. Мен 16 жаштамын. Менин көйгөйүм ызы-чууну жек көрөм. Ушул убакка чейин музыка жаңырган отуруш кечелерге баргым келбейт, адамдар көп чогулган ( мисалы: жыйналыш) жерден башым ооруп чыгат. Кишилер менен узакка сүйлөшпөйм. Кыбыр-шыбыр болсо, кичинекей балдар чурулдаса “акырын болгулачы” деп катуу айтып салып, далай тил уктум.
Бул адатыман кантип кутулсам болот? Ызы-чууга кантип көңүл бурбай койсо болот?
Мария Самсонова
Психолог
Саламатчылык. Ызы-чууну сүйбөгөндүк бул сиздин индивидуалдуу өзгөчөлүгүңүз же болбосо астения болушу мүмкүн.
Асетния – бул өнөкөт чарчоо сезиминин синдрому, физикалык жана психикалык жактан алсыздануу.
Мында адам тез чарчайт, чыдамы жок, көп кыжырданат, маанайы тез-тез өзгөрөт, узак физикалык жумуш жасай албайт, мээнин иштөөсүн талап кылган жумушту да көпкө аткара албайт. Эмоцияларын көзөмөлдөө кыйынга турат. Ар нерседен чоочуй берет. Кокус чыккан добуштарды, курч жыттарды, чакчыйган жарыкты көтөрө албайт.
Астенияны аныктоо үчүн төмөнкү адистерге кайрылуу керек: терапевт, невролог, психиатр, психолог, психотерапевт.
Менин сизге бере турган сунуштарым:
- эс алуу жана иштөө режимин сактаңыз;
- уйкуңузду кандырыңыз;
- көбүрөөк таза абага чыгып сейилдеңиз;
- спорт менен машыгыңыз;
- витамин ичиңиз;
- гаджеттерди азыраак колдонуп, психикаңызга жүк келтирбеңиз.
Ийгилик!
Мария Самсонова менен инстаграмдагы @samsonova.psiholog баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
Бул жактан псхологдун башка кеңештерин окусаңыз болот:
Апамдын каза болушуна атамдын салымы чоң. Кантип аны кечирем?
Жигитим менден 11 жаш улуу. Жаш айрымачылыгыбызкийин көйгөй жаратпайбы?
Эл алдына чыгып сүйлөгөндөн корком. Коркоктугумду кантип калтырам?
Күйөөм интернеттен кыздар менен сүйлөшө берет. Бул оорубу эмне?