// //

Боюңда бар кезде чалкасынан жаткан болбойт деген чынбы? Гинеколог жооп берет

2020.10.28, 09:51
1757

Саламатсызбы. Учурда алты айлык кош бойлуумун. Боюңда бар кезде чалкасынан жаткан болбойт деп уктум, бул чынбы? Анда кандай позада жатыш керек?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
28.10.2020, 09:51

Светлана Коздрович

Гинеколог-эндокринолог

Саламатчылык. Ооба, бул чын. Кош бойлуу келиндерге чындап эле чалкалап жаткан болбойт. Бул денебиздин ылдыйкы бөлүгүндөгү кан тамырлардын өзгөчө жайгашуусуна байланыштуу.

Жүлүндү бойлоп эң чоң кан тамырлар жана нерв өзөктөрү өтөт. Чалкалап жатканда аларды жатын жана курсактагы бала кысып, кан айлануунун жана нерв тамырларынын иштөөсүнүн бузулушуна себепкер болот. Бул өз кезегинде жатын менен түйүлдүктүн кычкылтек менен азыктануусуна тоскоол жаратат.

Ошондуктан кош бойлуу айымдарга капталынан жатууну сунуштайбыз.

Аман-эсен көз жарып алыңыз.

Гинеколог-эндокринолог Светлана Коздровичти  инстаграмдагы  @arzclinic баракчасы аркылуу тапсаңыз болот.

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.

Бул жерден кош бойлуулук жөнүндө дагы окусаңыз болот:

ЭКО деген эмне? Кимдерге жасалат? Баасы канча турат? 10 суроого жооп

Токсикоздун белгилери жана аны жеңилдетүү жолдору

Эклампсия деген эмне? Белиглери, себептери жана кесепети

Толгоо башталганын кантип билем? Кош бойлуу келиндер үчун шпаргалка

Кош бойлуулук календары (25-40 жума)

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт