Жаңы төрөлгөн балага скипидарь мазын сүйкөсө болобу? Педиатр жооп берет
Саламатсызбы. Кызыма бүгүн 35 күн болду. Мурду бүтүп калыптыр, бир аз жөтөлүп жатат. Бирок жаш баланыкы тез эле күчөп кетет деп уккам. Скипидар мазын аз-аздан сүйкөп жатам. Жакынкы күндөрү больницага алып барганы шартыбыз жок. Үйдөн эмне кылсам болот?
Мухабат Касымова
Педиатр
Саламатчылык. Биринчиден, скипидар мазын 3 жашка чейинки кичинекей балдарга такыр колдонгон болбойт. Андан чоңураак балдарга жөнөкөй крем менен аралаштырып колдонуу зарыл.
Экинчиден, балаңыз өтө кичинекей экен, ошондуктан поликлиникага чалып, педиатрдын үйгө келип, баланы көрүп кетүүсүн сурансаңыз болот.
Үчүнчүдөн, кичинекей балдарды өзүм билемдик менен үйдөн дарылаган болбойт, бул өтө кооптуу. Өзүңүз белгилегендей, алардын оорусу бир заматта күчөп кетет. Баланын ден соолугуна жоопкерчиликтүү мамиле кылыңыз.
Кызыңыз эртерээк сакайып кетсин!
Педиатр Мухабат Касымова менен инстаграмдагы @doc.kasymova баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.
Баланын ден соолугуна байланыштуу башка суроолорго жоопторду бул жактан окусаңыз болот:
Баланын эмгеги чоңураак экен деп жатышат. Балага зыяны жокпу?
Баламдын тамагы тез-тез эле ооруй берет. Эмне кылса болот? Педиатр жооп берет
Кызымдын кулагын тазалап жатып оорутуп алдым. Эмне кылышым керек?