// //

Жатын моюнчасынын рагынын скрининги деген эмне?

2020.10.22, 10:56
1401

Жатын моюнчасынын рагынын скрининги деген эмне? Ал эмне үчүн жасалат? Анын кандай зарылчылыгы бар?  - деген суроолорго Кыргыз Республикасынын Эне жана баланы коргоо Улуттук борборунун адиси, акушер-гинеколог Калима Сарыбаева жооп берди.

Жатын моюнчасынын рагынын скрининги деген эмне?

Жатын моюнчасынын скринингин өткөрүүнүн максаты, жатын моюнчасынын рагын алдын алуу. Ал жатындын моюнчасынын жалпы абалын текшерет. Скрининг - бул клеткалардын үлгүлөрүн алып лабараториялык текшерүү жүргүзүү.

Бул тест эмне үчүн жасалат?

Скрининг аркылуу алынган мазоктогу клеткалардагы патологиялык (организмдеги нормадан четке чыккан процесстер) өзгөрүүлөр изилденет. Көпчүлүк аялдарда жүргүзүлгөн тест эч кандай өзгөрүүлөрдү аныктабайт. Бирок 10 аялдын ичинен 1дө патологиялык өзгөрүүлөр байкалышы мүмкүн.

Скринингден өтүүнүн кандай зарылчылыгы бар?

Сиз өзүңүздү дени сак сезип жүрө бересиз. Ошол эле учурда жатындын моюнчасында өзгөрүүлөр болот. Мындай өзгөрүүлөр коркунуч жаратпайт.  Бирок айрым атипикалык клеткалардын (бул рак болуп саналбайт, ошол эле учурда нормага да кирбейт) ракка айлануу коркунучу бар.

Ал өзгөрүүлөр эмнеден улам пайда болот?

Көпчүлүк өзгөрүүлөргө адамдын папиллома вирусу себепкер. Анын 100дөн ашык түрү болот. Басымдуусу зыян эмес, кээ бир онкогендик типтеги (ракты пайда кылган клеткалар) вирустар гана рактын өрчүшүнө алып келет.

Адамдын папилоома вирусу кантип жугат?

Жыныстык катнаш учурундагы тери контактысы аркылуу. Адамдагы папиллома вирус симптомдорсуз (эч кандай белги бербей) өткөндүктөн, көпчүлүк бул вируска кабылганын билишпейт дагы.

Жыныстык катнашка бара электер да скрининг өтүшү керекпи?

Мындайда жатын моюнчасынын рагынын өрчүп кетүү кокустугу абдан төмөн. Скринингди жыныстык катнаш менен жашап баштагандан кийин гана өтүп туруу керек.

Жатын моюнчасынын рагына скрининг өткөрүүнүн кандай пайдасы бар?

Скринингдин эффективдүүлүгү абдан жогору. Маал-маал менен тест тапшырып туруу рактын өрчүп кетүү коркунучун 80%га, көз жумгандардын санын 72%га төмөндөтөт.

Скринингди канча жолу жасатуу керек?

Эгер сиздин жашыңыз 30га чейин болсо 3 жылда бир, 30дан 65 жашка чейин болсо скринигден 5 жылда бир өтүп туруу сунушталат. Кандайдыр патологиялар аныкталса, бир жылда бир көрүнүп туруу керек болот.

Жатын моюнчасынын рагынан коргонуунун кандай жолдору бар?

Аялдардын көпчүлүгү оору өтүшүп кеткенде гана гинекологго кайрылышат. Биз бардык кыз-келиндерге күйөөгө чыккандан кийин же сексуалдык өнөктөш тапкандан баштап, бир жылда бир жолу гинекологго келип профессионалдык көзөмөлдөн өтүп туруусун сунуштайбыз. Гинекологго келгенде сөзсүз креслого жатып, жатын моюнчасында жара барбы, жокпу текшерилет.

Андан тышкары, азыркы тапта жатын моюнчасынын рагын алдын алуу үчүн кыздарга жана балдарга вакцинация (эмдөө) жасалат. Кыргызстанда азырынча жок. Россия менен Казакстанда жатын моюнчасынын рагына каршы эмдөө мамлекеттик деңгээлде календардык схемага киргизилген.

Жатын моюнчасынын рагын алдын алуучу вакцинаны эки ирет алышат. Биринчиси 9-13 жашка чейинки, жыныстык катнашка бара элек кыздарга жасалат. Айрым мамлекеттерде эркек балдар да эмделет, себеби алар бул дарттын жайылышына себепкер болушу мүмкүн. Кийинкиси кыздар чоңоюп 26 жашка чыккандан кийин жасалат.

Эсиңизде болсун! Жатын моюнчасынын рагын өз алдынча, үй шартында аныктоого жана дарылоого мүмкүн эмес. Сөзсүз кесипкөй адиске кайрылуу зарыл.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт