// //

Бул оору Кыргызстанда рак ооруларынын арасынан экинчи орунда турат

2020.10.09, 09:58
4947

Жатын моюнчасынын рагы – мындай диагноз жыл сайын дүйнө жүзүндөгү 530 миңге чукул аялдарда аныкталат. Тилекке каршы, алардын ичинени 270 миңи көз жумат.  Бирок башка онкологиялык оорулардан айырмаланып жатын моюнчасынын рагын вакцинациянын жардамы менен алдын алса болот.

Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Эне жана баланы коргоо Улуттук борборунун адиси, акушер-гинеколог Калима Сарыбаевадан сурап билдик.

Жатын моюнчасынын рагы кандай оору?

Бул жатын моюнчасында зыяндуу шишиктин пайда болуусу. Жатын моюнчасынын зыяндуу шишик оорусу Кыргызстанда рак ооруларынын арасынан эмчектин рагынан кийинки эле экинчи орунда турат. Бул оору менен негизинен 30 жаштан 55 жашка чейинки аялдар ооруйт. Башкача айтканда репродуктивдик жаш курактагы аялдар бул илдетке туш болушат.   

Оорунун пайда болуусуна эмне себепкер?

Зыяндуу шишикти пайда кылуучу негизги факторлорго төмөнкүлөр кирет:

  • эрте жыныстык катнаш;
  • эрте төрөө;
  • бир нече жолу аборт жасатуу
  • сексуалдык өнөктөштөрүн көп алмаштыруу
  • адамдын папиллома вирусун жугузуу

Айта кетчү жагдай, адамдын папиллома вирусу көбүнчө жыныстык катнаш аркылуу жугат. Жыныстык жашоо менен жашаган адамдардын басымдуу бөлүгү бул вирустун алып жүрүүчүлөрү.

70%да жатын моюнчасынын рагынын пайда болуусуна адамдын папиллома вирусунун 16 жана 18чи онкогенндик типтеги вирустары себепкер болот.

Рактын симптомдору кандай болот?

Баштапкы стадияларында рак оорусу эч бир белгилерсиз өнүгө берет. Симптомдор рак өрчүп, жанындагы ткандарга өтө баштаганда пайда болот. Андайда төмөнкү белгилер байкалат:

  • аномалдуу көп кан кетүү;
  • этек кири адаттагыдан көбүрөөк созулуп, катураак оорутат;
  • заара кылганда оорутат;
  • менопауза (климакс) башталгандан кийин да кан кетет;
  • жыныстык катнаштан кийин канайт;
  • вагиналдык дискомфорт
  • өңү, жыты, көлөмү адатагыдан айырмаланып турган бөлүнүүлөр (выделения).

Ракты үй шартында аял өзү аныктай алабы?

Жок, өз алдынча аныктоо мүмкүн эмес. Керек болсо доктур да жөн гана көрүп андай диагноз кое албайт. Жатын моюнчасынын рагын аныктоо үчүн цитологиялык, гистологиялык анализдерди тапшыруу зарыл, УЗИ, компьютердик томографиядан өтүү керек. Ушул изилдөөлөрдүн негизинде онколог “рак” деген диагнозду коет.

Эсиңизде болсун! Жатын моюнчасынын рагын өз алдынча, үй шартында дарылоого мүмкүн эмес. Сөзсүз кесипкөй адиске кайрылуу зарыл.

Жатын моюнчасынын рагын алдын алуу үчүн кандай чараларды көрүү керек?

Аялдардын көпчүлүгү оору өтүшүп кеткенде гана гинекологго кайрылышат. Биз бардык кыз-келиндерге күйөөгө чыккандан кийин же сексуалдык өнөктөш тапкандан баштап, бир жылда бир жолу гинекологго келип профессионалдык көзөмөлдөн өтүп туруусун сунуштайбыз. Гинекологго келгенде сөзсүз креслого жатып, жатын моюнчасында жара барбы, жокпу текшерилет.

Андан кийин скрининг деп коет, эгер жара бар болсо, онкологиялык клеткага мазок алынат, адамдын папилома вирусуна мазок алынат. Негизги себепкер адамдын папиллома вирусу болгондоуктан сөзсүз скрининг деп аталган анализдердин барын тапшырып туруу керек.

Жатын моюнчасын рагын алдын алуу боюнча вакцинация жасалабы?

Кыргызстанда азырынча вакцинация жок. Россия менен Казакстанда мамлекеттик деңгээлде эмдөө календардык схемага киргизилген.

Жатын моюнчасынын рагын алдын алуучу вакцинаны эки ирет алышат. Биринчиси 9-13 жашка чейинки, жыныстык катнашка бара элек кыздарга жасалат. Айрым мамлекеттерде эркек балдар да эмеделет, себеби алар бул дарттын жайылышына себепкер болушу мүмкүн.

Кийинкиси кыздар чоңоюп 26 жашка чыккандан кийин жасалат.

Вакцинанын курамы кандай жана ал организмге кандай таасирин тийгизет?

Негизи вакцина жандуу микрободордон турат. Мисалы кургак учукка каршы вакицина жандуу микроорганизмдерден жасалат. Ошонун негизинде адамдын организминде иммунитет пайда болот.

Жатын моюнчасынын рагын алдын алуучу вакцинанын курамы башкалардан айырмаланат. Ал белоктон турат жана анда жандуу микроорганизмдер жок.

Кыргызстанда жасатса болобу?

Жогоруда айтып кеткендей жатын моюнчасынын рагына каршы вакцинация Кыргызстандын мамлекеттик эмдөө календарына кире элек. Менчик мекемелерде жасалышы мүмкүн.

Мындай эмдөөнүн баасы канча?

Баасы кымбат. Бул тууралуу так маалымат бере албайм, анткени рыноктогу баалар ар дайым өзгөрүп турат.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт