Беш жаштагы кызымдын оозу жагымсыз жыттанат. Кимге көрүнүшүбүз керек?
Саламатсызбы. Кызым беш жашта. Оозу жагымсыз жыттанат, кичинесинен бери эле ушундай, азыр аябай сасык жыттанып калды.
Ковид күчөп турган мезгилде больницага алып баргандан да коркуп турам. Негизи кандай врачка көрүнүшүбүз керек?
Мухабат Касымова
Педиатр
Биринчиден баланы гастроэнтерологго алып баруу керек. Андан кийин стоматологго көрсөтүңүз.
Негизи кичинекей балдардын оозу жыттанганы норма болуп саналбайт. Бул нерсе чоң адамдарга деле тийиш.
Оозунан жагымсыз, сасык жыттанса, демек ооздун гигиенасы сакталбайт, тишинде кариес бар, ашказанында же өтүндө көйгөй бар.
Баланын ден соолугуна жоопкерчиликтүү мамиле кылыңыз.
Педиатр Мухабат Касымова менен инстаграмдагы @doc.kasymova баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.
Баланын ден соолугуна байланыштуу башка суроолорго жоопторду бул жактан окусаңыз болот:
Баланын эмгеги чоңураак экен деп жатышат. Балага зыяны жокпу?
Баламдын тамагы тез-тез эле ооруй берет. Эмне кылса болот? Педиатр жооп берет
Кызымдын кулагын тазалап жатып оорутуп алдым. Эмне кылышым керек?