// //

Жетимишке таяп калган чоң апа жигитин көрсөтүп мактанды

2020.10.17, 11:39
9905

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет сатуучу окурманыбыздан келип түшкөн баянды жарыялайбыз. Эскертүү! Каармандардын аты өзгөртүлдү.

Кымбат шубаны чоң апага кийгизсек сонун болуп отуруп калды

Түркиядан кийим алып келип сатам. Базарда контейнерим бар. Таң эрте жумушка чыгып, түн жамынып калганда үйгө келем. Бардык күндөрүм окшош, эс алуу деген жок.

Базарда отуруп түрдүү адамдарды көрөсүң. Бирөөсү келип эркелесе, экинчиси кыялын көрсөтүп чатак салат, үчүнчүсү бетиңе акчасын такап башкарып кирет. Товар өтүш керек, айла жок анысын дагы көтөрөбүз.

Жакында жүрөгүмдү жылыткан, өмүр бою эсимде кала турган сонун окуя болду. Өзүмчүл болгум келбей, силер менен бөлүшүүнү чечтим.

Чак түш. Бейкапар эки жакты карап лагман жеп отургам. Бир маалда проходдун башынан жетелешип келаткан абышка-кемпирге көзүм түштү. Дароо ушу кыргыздар эмес болуш керек деп мойнумду создум. Кыргыз эле жубайлар экен. Эки жакты карап жай басып келатышты.

Арабачы баланын “жол, жол” деп келатканын көрүп, абышка кемпирин өзүнө ыктай кучактады. Арабачы өтүп кеткиче кучагынан кое берген жок, бул арада чекесинен өөп койду. Дене-боюм дүр дей түштү. Кандай гана сонун көрүнүш.

Лагманымды унутуп калыпмын, бир кашык оозанып алайын деп көңүлүмдү тамакка бурдум. “Саламатсыңбы кызым”, башымды көтөрсөм экөө маңдайымда турат. Чайнап бүтө элек этимди жутуп, май болгон оозумду колум менен сүртүп жибердим. “Келиңиздер, өтүңүздөр”, шашкалактап эмне кылышты билбей калдым.

- Менин сулуума көйнөк издеп жүрөбүз.

- Кандай көйнөк, жөнөкөйбү же...

- Уулубуздун тоюна кийип бармакмын.

“Вечерний” көйнөктөрдү көрсөтө баштадым. Апа улам бир көйнөк кийип чыккан сайын абышкасы “жакшы экен, артты карасаң, ары бассаң, айлансаң” деп суктанып жатты.

Кайдан жайдан коңшу контейнердеги кыздар келе калды. Көрсө, алар дагы баарын байкап турган экен. Төрт-беш кыз чогуу көйнөк тандаша баштадык. Бир убакта чоң ата коробкадагы шубаны көрсөттү.

- Бул эмне кызым?

- Кечээ келген кышкы товар, сатыкка алып чыга элекмин.

- Көрсөк болобу?

- Болот.

Кымбат шуба болчу. Чоң апага кийгизсек сонун болуп отуруп калды. Чоң ата сүйүнгөнүнөн колун чаап жиберди.

- Муну дагы алып ал.

- Жок, кымбат экен.

- Баасын ойлобо, карачы сонун жарашты.

- Көйнөккө эле келбедик беле.

- Экөөнү тең ала беребиз.

- Тим эле коелу.

- Гүкүш, сага сонун жарашты, ала берели.

Акыры чоң ата жеңди. Чоң апа сүйүнүп күзгүгө каранып жатты. Ага кошулуп биз бактылуу. Ошол учурда бизди карап, “Көрдүңөрбү кыздар, жигитим сонун бекен? Силерге дагы ушундай жигит буйрусун”, баарыбыз “айтканыңыз келсин” деп бата кылып жибердик.

Экөө көйнөк менен шубаны алып, ыраазчылыгын билдирип, кол кармашып жөнөп кетишти. Суктанган боюнча артынан узатып калдык.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Күйөөмдүн жалаяк жууп жатканын угуп аябай таң калдым

Үч баласы бар аялга үйлөнгөнүмө эч качан өкүнбөйм

Себим келгенден кийин кайын энемдин көңүлү көтөрүлүп мамилеси өзгөрдү

“Бизге тең эмессиң” деп келин кылбай койгон кайын энем тоюмда кызмат кылды

Он бир жыл чогуу жашагандан кийин тизелеп аялымдын колун сурадым

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт