// //

Кайын атам келсе кайын энем “апам жөнөтпөй койду” деп чыкпай коет

2020.10.15, 15:46
9931

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет чыныгы сүйүү бар деген келиндин катын жарыялайбыз. Эскертүү! Каармандардын аты өзгөртүлдү.

Кайын атам кайын энем келгиче үйгө кирбейт

Мага сүйүү бир күнү болбосо башка күнү бүтчүдөй көрүнчү. Көрсө, чыныгы сүйүүнүн соңу болбойт экен. Бул нерсени кайын атам менен кайын энем тастыктап отурат.

- Ата, жүрүңүз, чай ичиңиз.

- Иче бергиле садагаң болоюн, мен апаңарды күтөм.

- Апам кеч келет, ачка болосуз.

- Апаңарды эле күтүп турам, азыр табитим жок.

Кыйнабайм. Баары бир кайын энем келгиче үйгө кирбейт. Дарбазанын түбүндөгү чоң дөңгөчтө жолду карап отура берет. Алыстан карааны көрүнсө жаш баладай сүйүнөт. 

Кайын энем дагы ошондой. Кайын атам жокто эч нерсе ичпейт. Ойлуу басып жүрө берет. Улам жаныма келип, “кызым, (мени келиним эмес кызым дешет) атаңан кабар алчы” деп чалдырта берет.

Баягы күнү экөөнү отургузуп алып ватсапты үйрөткөм. Баарынан дагы эмодзини жактырышты. Ар бир смайликтин маанисин сурап, блокнотуна жазып жатышкан. Маани деле берген эмесмин.

Кечээ кайын энемдин телефону улам чырылдап тынчымды ала берди. Кайын энем кошунаныкына кирип кеткен. Ким эле мынча жазып жатат деп карасам кайын атам экен. Пенсиясын алганы кеткен, “байбичем эмне жегиси келет” деп, шоколаддын, торттун, балмуздактын, конфеттин эмодзилерин жөнөтүп жатыптыр. Жылмайып телефонду ордуна коюп койдум.

Кээде кайын атам гүл көтөрүп келип кайын энемди “свиданияга чакырат”. Кайын энем боорду эзип “апам жөнөтпөй койду” деп чыкпай коет. 

Бир ай мурун кайын энем коронавирус болуп төшөккө жатып калды. Кайын атам айласын таппай чыйпылыктап, “Бүпүш, сен өлсөң мен бул дүйнөдө жашай албайм, артыңан барам” деп ыйлап жүрдү. Экөөнү бири-биринен ажырата көрбө деп түнү менен кудайдан суранып чыктым. Тилегибиз орундалып, кайын энем бутуна туруп кетти. 

Кыскасы, кайын атам менен кайын энем алты баласына мыкты тарбия берип, баарын үйлөнтүп-жайлантып гана тим болбостон, ортолорундагы сүйүү отун өчүрбөй сактап калган баатырлар экен. Менин кумирим азыркы убакта тапчанда кобурашып чай ичип отурган ушул эки адам. 

Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Күйөөмдүн жалаяк жууп жатканын угуп аябай таң калдым

Үч баласы бар аялга үйлөнгөнүмө эч качан өкүнбөйм

Себим келгенден кийин кайын энемдин көңүлү көтөрүлүп мамилеси өзгөрдү

“Бизге тең эмессиң” деп келин кылбай койгон кайын энем тоюмда кызмат кылды

Он бир жыл чогуу жашагандан кийин тизелеп аялымдын колун сурадым

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт