// //

Кайын энем “менин үйүм мейманкана эмес” деп айылдан келген туугандарын урушту

2020.10.16, 15:20
9318

Bilesinbi.kg окурмандарынын баштан өткөргөн ар түрдүү окуялары менен бөлүшүп келет. Бул ирет туугандарына ачуусу келген кайын эне жөнүндө баян жарыялайбыз. Эскертүү! Каармандардын аты өзгөртүлдү.

Үч күнгө эле деп келгендер, айлап жашап жүргөнүнө эмне дейсиңер.

Бакырып жатат, бакырып жатат... Баарыбыз шок деп койгула. Ар дайым жылмайып жүргөн кайын энемди биринчи жолу ушундай абалда көрүшүм. Сүйлөп бүтүп телефонун ыргытып жиберди. Эч кимибизди карабай сыртка чыгып кетти.

Кеч кире баштады. Кайын энем дале жок. Күйөөм менен кайын атам үчөөбүз кезектешип жолду карайбыз. Телефондорубуз чырылдаса жүрөгүбүз шуу дей түшөт. Бир нерсе жеп алаксыйын десек тамагыбыздан өтпөйт.

Тиктешип жер чукулап отурсак кайын энем кирип келди.

- Тамак иче элексиңерби?

- Жок.

- Жүргүлө чогуу отуруп чай ичели. 

Унчукпай артынан жөнөдүк.

Шаарга көчүп келгенибизге алты жыл болуп калды. Тапкан-ташыганыбызды чогултуп жүрүп чоң там салганбыз. Өзүбүз кире элек жатып айылдан келген туугандар жашап баштады. “Силердикине эле жатып алууну чечтик” дешип, бизден сурабай эле келе беришет.

Кайын энем экөөбүз бирибизди карап баш чайкаган боюнча калабыз.

Жаңы төшөктөрбүздү жерге чейин салып, кээде сурабай эле кийимдерибизди кийип алышчу болду. Үч күнгө деп келгендер, айлап жашап жүргөнүнө эмне дейсиңер. Жаман ойлобогула, сыйлап, тамак жасап, атүгүл кой союп беребиз. Ошого дагы ыраазы болушпайт, артынан жыйнап койгонго жарашпайт.

Кир жууп жатсаң, меникин дагы жууп койчу деп таштап кеткенде күйөсүң.

Тойго деп айылдан туугандар келишкен. Кайын энем экөөбүз базарга кеткенбиз. Маанайыбыз көтөрүлүп сонун болуп келсек үй чачылып, идиштер үйүлүп калыптыр. Кышкыга деп жапкан салатарыбызды жер төлөдөн алып чыгып жешиптир. Боорукер, сонун кайын энем жарылды. Ватсаптагы туугандардын группасына кирип, үнүн жаздыра баштады.

“Менин үйүм силерге мейманкана эмес! Бирөөнүн үйү дегенсип, тебелеп тепсебей, мындан ары сый менен келип кеткиле. Сыйымды көтөрө албайсыңарбы, төрт тарабыңар кыбыла. Силерге жакшылык кылсам деле, баары бир жактырбай ушактайсыңар. Жашап турсам болобу деп бир ооз сурап койгонго жарабай, түз эле кирип келесиңер. Балдарым жашасын деп салган тамыбыздын кебетесин кетирдиңер. Артыңардан тазалай турган биз эмне “уборщицабызбы”.  Колуңарда жок эмес бар, миң сомуңарды аябай, той-пойго келсеңер, мейманкана барып жаткыла!”

- Апа кайда барып келдиңиз?

- Ачуумдан жөө басып кете берипмин, шаар четине чыгып кетипмин.

Төртөбүз бир топко чейин каткырдык.

Эртеси айылдан бир койдун эти салынган чоң коробка келди. Ичин ачсак, “Бизди кечирип кой Сайраш (кайын энемдин аты), чынында эле аша чаап кеттик” деген туугандардан кат бар экен.

Бул жерден башка кызыктуу макалаларды окусаңыз болот:

Күйөөмдүн жалаяк жууп жатканын угуп аябай таң калдым

Үч баласы бар аялга үйлөнгөнүмө эч качан өкүнбөйм

Себим келгенден кийин кайын энемдин көңүлү көтөрүлүп мамилеси өзгөрдү

“Бизге тең эмессиң” деп келин кылбай койгон кайын энем тоюмда кызмат кылды

Он бир жыл чогуу жашагандан кийин тизелеп аялымдын колун сурадым

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт