// //

Төрөй элек келиндерде эрозия бар болсо күйгүзгөн болбойбу? Гинеколог жооп берет

2020.10.15, 11:06
1979

Саламатсызбы. Сурайын дегеним менде эрозия бар экен. Турмушка чыккам, бирок төрөй элекмин. Доктур төрөй элек болсоң күйгүзбөйбүз деди.

Эрозияны башка жол менен дарыласа болобу? Эч нерсе кылбай жүрө берсем, ден соолугума зыяны тийбейби? Алты айдан бери боюма бүтө элек, же муну дарыламайын боюма бүтпөйбү?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
15.10.2020, 11:06

Светлана Коздрович

Гинеколог-эндокринолог

Саламатчылык. Бүгүнкү күндө эрозияны күйгүзүүнүн көптөгөн коопсуз ыкмалары бар. Алар төрөй элек келиндеррге да жасалуусуна уруксат берилген. Ошондуктан негизги себебин башкадан издегениңиз оң болот.

Жатын моюнчасынын ар кандай абалдарын эрозия дей беришет. Эрозиянын өзү (туура аталышы - эктопия) оору болуп саналбайт, жана айрым учурларда дарылоону талап кылбайт. Бирок эгер ал сезгенүү же дисплазия менен коштолсо, анда тукумсуздукка же андан да коркунучтуу кесепеттерге алып келиши мүмкүн.  

Адатта эрозиянын болушу тукумсуздукка алып келбейт. Негизги себебин аныктоо үчүн толугу менен медициналык текшерүүдөн өтүү зарыл. Аял жалгыз эмес, күйөөсү менен бирге көрүнүп, дарылануусу шарт.

Так диагноз коюу үчүн бир нече изилдөөлөрдөн, анын ичинде колькоскопиядан өтүу сунушталат. Андан кийин дарылоочу гинеколог менен биргеликте дарылоо тактикасын тандап аласыңар.

Ден соолукта болуңуз!

Гинеколог-эндокринолог Светлана Коздровичти  инстаграмдагы  @arzclinic баракчасы аркылуу тапсаңыз болот.

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.

Бул жерден кош бойлуулук жөнүндө дагы окусаңыз болот:

ЭКО деген эмне? Кимдерге жасалат? Баасы канча турат? 10 суроого жооп

Токсикоздун белгилери жана аны жеңилдетүү жолдору

Эклампсия деген эмне? Белиглери, себептери жана кесепети

Толгоо башталганын кантип билем? Кош бойлуу келиндер үчун шпаргалка

Кош бойлуулук календары (25-40 жума)

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт