// //

Күйөөмдүн мурда кыздарга барганын билип, жаман болуп жатам. Мага кеңеш бергилечи

2020.10.15, 10:34
1891

Саламатсызбы. Силерге чоң рахмат, билбегендеримди силердин сайттан билип алдым. Мага психологдун кеңеши керек болуп жатат.

Турмушка чыкканыма бир жыл болду. Ортобузда бир перзентибиз бар. Жолдошум экөөбүз беш жыл сүйлөшүп, сүйүшүп жүрүп үйлөнгөнбүз. Мен аны сүйөм, жана ар дайым ага ишенчүмүн.

Бир жолу кызыгып, мага чейин бирөө менен болдуң беле деп сурап, чынын айтуусун талап кылдым. Ал бир кыз менен 4-5 жолу болгонун айтты. Болгондо да мен тааныган, кудача кызыбыз экен.

Чынын айтсам, азыркыга чейин сураганыма өкүнөм. Ошондон бери жүрөгүм ооруп, жолдошума болгон ишеничим өчкөндөй. Мени сүйгөндөй аны да сүйдүбү, мени эркелеткендей аны да эркелеттиби? – деген ойлор айламды кетирет. Элестетип алып жаман болом.

Өзүнө кечирдим деп айтканым менен ичимен кечире албай жүрөм. Унута албай жатам. Кантем, мага кеңеш бергилечи?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
15.10.2020, 10:35

Мария Самсонова

Психолог

Саламатчылык. Биринчиден, ал сизден кечирим суроого милдеттүү эмес. Күйөөңүз эч кандай чыккынчылыкка барган жок. Себеби, ал кыз менен сизге чейин жолуккан экен.

Экинчиден, ишеничимим өчүп баратат, деп жазыпсыз. Чынында күйөөңүзгө ишенич болгонбу? Ортодо ишеним бар болсо эмне үчүн мага чейин ким менен болгонсуң деп сурадыңыз, болгондо да чынын айт, деп талап коюптурсуз?

Бул жерде негизги көйгөй өзүңүздө. Сизде эч качан ага ишенич болгон эмес, сиз башынан эле аны кызганчусуз. Болгону бир илинчек, себеп таба албай жаткансыз. Өзүңүз каалаган жана умтулган нерсеңизге жеттиңиз, издегениңизди таптыңыз.

Сизге кайгырган, азап тарткан, курмандык бологон жагат окшойт. Болбосо, эмнеге жок жерден көйгөй таап алып, өзүңүздү-өзүңүз кыйнап жатасыз?

Мен сизге бир гана кеңеш бере алам: психологго кайрылып, азыркы абалыңыздын ички психологиялык себептерин аныктоого аракет кылыңыз.

Ийгилик!

Мария Самсонова менен инстаграмдагы @samsonova.psiholog баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот. 

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.

Бул жактан псхологдун башка кеңештерин окусаңыз болот:

Апамдын каза болушуна атамдын салымы чоң. Кантип аны кечирем?

Жигитим менден 11 жаш улуу. Жаш айрымачылыгыбызкийин көйгөй жаратпайбы?

Эл алдына чыгып сүйлөгөндөн корком. Коркоктугумду кантип калтырам?

Күйөөм интернеттен кыздар менен сүйлөшө берет. Бул оорубу эмне?

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт