// //

Гинеколог мурда жазып берген дарыларды алып кайра колдоно берсем болобу?

2020.10.12, 12:58
939

Саламатсызбы. Мен кош бойлуумун, 32 жума болуп калды. Кандидоз болуп жатам, заара кылганда, кошулганда ачыштырат. Буга чейин гинекологго көрүнүп, свеча, дарыларды жазып берген. Жакшы болуп калгам, бирок эми кайра кайталаныпп жатат. Ошол эле дарыларды кайра колдоно берсем болобу?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
12.10.2020, 12:58

Раушан Джумагулова

Акушер-гинеколог

Саламатчылык. Жок, өз алдынча дарыланган болбойт. Айрым учурларда кош бойлуулуктун бир мөөнөтүндө уруксат берилген дарылар менен башка мөөнөтүндө дарылаган болбойт. Ошондуктан өзүм билемдик менен үй шартында дарылануу абдан кооптуу.

Сөзсүз учетко турган гинекологго кайрылып, флорага мазок тапшырып, анын жыйынтыгы чыккандан кийин гинеколог жазып берген дарыларды гана колдонуңуз.

Аман-эсен көз жарып алыңыз.

Гинеколог Раушан Джумагулованы инстаграмдагы @erkai_clinic баракчасы аркылуу тапсаңыз болот. 

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.

Бул жерден кош бойлуулук жөнүндө дагы окусаңыз болот:

Токсикоздун белгилери жана аны жеңилдетүү жолдору

Эклампсия деген эмне? Белиглери, себептери жана кесепети

Толгоо башталганын кантип билем? Кош бойлуу келиндер үчун шпаргалка

Кош бойлуулук календары (25-40 жума)

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт