Эки жолу кесарево аркылуу төрөгөм, үчүнчүсүн өзүм төрөй аламынбы?
Саламатсызбы. Мага “отслойка плаценты” деген диагноз коюлуп, эки жолу кесарево аркылуу төрөгөм. Биринчи балам төрөт учурунда чарчап калган, экинчибиз кудайга шүгүр, 1,6 ай болуп калды.
Сурайын дегеним, үчүнчү балабызды да кесердик кесүү аркылуу төрөп каламынбы? Өзүм төрөгөнгө мүмкүнчүлүк барбы?
Көп балалуу боолууну кыялданчу элем. Буюрса, балам 4 жашка чыкканда, жолдошум экөөбүз жакшылап даярданып, анан пландасак дегенбиз.
Светлана Коздрович
Гинеколог-эндокринолог
Саламатчылык. Тондун бир нече жолу кат-кат болуп бөлүнүүсү (отслойка плаценты) сиздин организмде кандайдыр бир көйгөй бар экенин айгинелеп турат. Ал кош бойлуулуктун баштапкы этабында түйүлдүк-жумурткага жатындын капталына бекүүсүнө тоскоолдук жаратып жатат.
Мындай көрүнүш келечекте түйүлдүктүн жай өнүгүшүнө, плацентардык жетишсиздикке же отслойкага алып келиши мүмкүн. Сизде жаралган көйгөйлөрдүн кайталануусун алдын алуу үчүн доктурга кайрылып, толук медициналык көзөмөлдөн өтүү зарыл. Сезгенүү жана инфекцияларды дарылап, минералдык-витаминдик комплекстерди кабыл алуу сунушталат.
Айрым учурларда жатында эки жолку кесилген тырык (рубец) болсо да өз алдынча төрөө мумкүнчүлүгү берилет. Бирок бул маселе төрөткө аз калганда, бардык тобокелчиликтерди жокко чыгаргандан кийин индивидуалдуу түрдө чечилет.
Ден соолукта болуңуз!
Гинеколог-эндокринолог Светлана Коздровичти инстаграмдагы @arzclinic баракчасы аркылуу тапсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
Бул жерден кош бойлуулук жөнүндө дагы окусаңыз болот:
ЭКО деген эмне? Кимдерге жасалат? Баасы канча турат? 10 суроого жооп
Токсикоздун белгилери жана аны жеңилдетүү жолдору
Эклампсия деген эмне? Белиглери, себептери жана кесепети
Толгоо башталганын кантип билем? Кош бойлуу келиндер үчун шпаргалка