Ажырашуу иши башталса, өлкөдөн чыга албай каламынбы? Адвокат жооп берет
Саламатсызбы. Менин да суроомо жооп алып бере аласызбы, сураныч. Аялым менен ажырашкам, ортобузда бир бала бар. Мен соттун чечими жок эле аларга колуман келишинче жардам берип турам. Мисалы жакында машинамды сатып, акчасын тең экиге бөлүп жарымын бердим.
Бул жакта жумуш жакшы болбой жатканына байланыштуу чет жака барып иштесемби, дегем. Бирок аялым сотко барып, ажырашканга арыз жазып салыптыр. Биздин иш сотто каралса, мен чет өлкөгө чыга албай каламынбы? Алимент төлөөдөн баш тартпайм.
Эркингүл Шаршенбекова
Адвокат
Саламатчылык. Ажырашуу жөнундө доо арыз берилген болсо, ал чек арадан өтүүгө эч кандай тоскоолдук жаратпайт. Андыктан башка адамга ишеним кат берип, өзүңүз кете берсеңиз болот.
Ийгилик!
Адвокат Эркингүл Шаршенбекованы инстаграмдагы @advokat_kg_erkingul баракчасы аркылуу тапсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт иллюстративдүү.
Адвокаттын башка суроолорго жоопторун бул жактан окусаңыз болот:
Келинчегим мага айтпай туруп үйүбүздү сатып жиберген. Сотко кайрылсам болобу?
Апам үйдү өз наамына өткөргүсү келет, менин уруксатым жок өткөрө алабы?
Кайын атамдын үйүндө өгөй кайын агам турат. Үйүбүздү кантип өзүбүзго алсак болот?
Батирдин ээси жашабасам да эки айдын акчасын төлө деп жатат. Ушул туурабы?