// //

Атамдын үйүн инимдин кичүү баласына өткөрсөк болобу? Юрист жооп берет

2020.10.07, 10:45
1179

Саламатсызбы. Сурайын дегеним, биз 9 бир тууганбыз, атам бизди таштап башкага үйлөнгөн. Башка аялынан дагы 3 баласы бар. Биз жашап жаткан үй атамдын атында. Үйдү кичүү инимдин баласына өткөрсөк болобу? Атам каршы эмес.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
07.10.2020, 10:46

Нургазы Абдувалиев

“Академик” юридикалык компаниясынын директору, юрист

Үйгө тиешелүү укук белгилөөчү документтер жана жарандык паспорттор менен үй жайгашкан аймактагы Кадастр мамлекеттик мекемесине (госрегистр) кайрылыңыз. Атаңыздын атынан иниңиздин баласынын наамына үйдү каттатууда эч кандай кыйынчылык жаралышы мүмкүн эмес.

Мамлекеттик органда бүтумдөрдү каттоо бөлүмү бар. Каттоо үчүн белгиленген мамлекеттик алымды гана кассага төлөйсүз. Аталган бөлүмдүн адистери келишимди өздөрү түзүп, кол койдуруп, каттоого алып алышат.

Ийгилик!

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.

Юрист Нургазы Абдувалиев менен инстаграмдагы @academic.kg баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.

Бул жерден башка юридикалык суроолорго жоопторду окусаңыз болот:

 Тигүү цехинин кожойкеси акчамды бербей жатат. Укугумду кантип коргойм?

18 жаштан өткөндөн кийин алкоголдун, тамекинин зыяны азыраак болобу?

Көп жолу дело ачтырсам да алиментти көбөйтүп бере алышкан жок. Эмне кылам?

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт