// //

“Адам ниетине жараша өнүгөт!” Дастан Дюшекеевден 10 кеңеш

2020.10.02, 13:09
2103

“Кыргызстан” партиясынын координатору Дастан Дюшекеев Bilesinbi.kg’нин түз эфиринде конокто болуп, өзүн-өзү өнүктүрүүнүн сырлары менен бөлүштү. Жашооңузга жардам берчү кеңештерди төмөндөн окуй аласыз.

1. Өнүгүүнү баштоодон мурун өзүбүзгө бул эки суроону беришибиз керек: “Эмнеге?” жана “Эмне үчүн?” Жообуна жараша максат коюп, алдыга умтулабыз.

2. Адам өзүн интеллектуалдык, руханий жана физикалык жактан тең салмактуу тартипте өнүктүрүшү керек.

Интеллектуалдык жактан өнүгүү- ар дайым жаңы билимге умтулуу.

Руханий жактан өнүгүү – өтө көп жолдору бар. Мисалы, өзүнүн ичине терең философияны камтыган мушташ (боевые) искусствосу. Ошондой эле, ар кандай ыйык китептер.

Физикалык жактан өнүгүү – өзүңүзгө жаккан спорттун түрү менен машыгуу.

3. Китеп окуп коюу жетиштүү эмес. Сөзсүз китептен алган маалыматты практикада сыноо керек.

4. Өнүкпөй токтоп калганда жан дүйнөң кыйнала баштайт.

5. Миссияны кантип тактоо керек? Биринчи адамга ой келет, ой сөзгө, сөз ишке, иш тагдырга айланат.

Демек, оюңузга келген нерселердин баарын кагазга түшүрөсүз. Андан кийин кайсынысы жагат же жакпай турганын анализдеп чыгасыз. Мисалы, бул үч суроого жооп бериңиз. Кандай жумуш сизди бактылуу кылат? Эгер ал жумушту кылсаңыз адамдарга пайда алып келесизби? Айлана-чөйрөгө пайда алып келесизби? Жыйынтыгында, сизди бактылуу кылганын тандап аласыз.

6. Жасап жаткан жумушуңуз жакпаса эмне кылуу керек? Эки жол бар.

Биринчиси, сабырдуу болуңуз. Жумушуңузду аткаруу менен бирге жүрөгүңүз каалап турган нерсени изилдөөнү уланта бериңиз. Чындап эле жагып жатабы же бул жөн гана каалообу билиңиз. Айтайын дегеним, баарын таштап кетип калгандан кийин ал жумушуңуз дагы жакпай калып өкүнбөгөндөй болуңуз. Баарын тактап-талдап, өзүңүзгө жүз пайыз ишенип, жоопкерчилик алганга даяр болгондо кете бериңиз.

Экинчиси, убакытты текке кетирип күтүп отура бербеңиз. Тобокелге баруудан коркпоңуз, ыңгайлуу зонадан чыккандан кийин адамдын энергиясы өсө баштайт экенин билиңиз.

7. Жакпаган жумушта иштөө адамга эч качан пайда алып келбейт.

8. “Узунга кыска менен жетүү” деген сөз бар. Бардык нерсе тез эле болуп кетпейт. Баары кичинекей кадам таштоодон башталат.

9. “Жок!” деген сөздү айта албаган адам ак көңүл. Бирок, ак көңүлдүк дагы чеги менен болуш керек. Кечке эле ак көңүл боло берсеңер, анын карама-каршылыгы чыгып жашооңузга таасирин тийгизе баштайт. Жооп берерден мурун өзүңүзгө “Ушул нерсе мага пайда алып келеби?” деген суроо бериңиз. “Ооба” деп айта берсеңиз, үстүңүзгө ашыкча жүк алып кыйнала бересиз.

10. Ар бир адамдын тагдыры өз колунда!

Буйрутма берүүчү «Кыргызстан» саясий партиясы. Дареги: Бишкек ш. Манас п, 115А. «Кыргызстан» саясий партиясынын шайлоо фондусунун каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Шамшидин уулу Разак тарабынан төлөндү. (№94 күбөлүк, 1.10.2020)

Аткаруучу: "ПроМедиа Плюс" КФ, Бишкек ш., Токтогул көч., 90а. Буюртмачы: “Кыргызстан” саясий партиясы. “Кыргызстан” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Разак Шамшидин уулунун буюртмасы менен “Кыргызстан” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. (каттоо күбөлүгү №94, 06.08.2020-ж)

Жарыяланган күнү: 2-октябрь, 2020-жыл. Нускасы: 1 даана.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт