// //

Жолдошум каза болгон, бир туугандарынын үйүбүздү талашууга укугу барбы?

2020.10.02, 12:14
979

Саламатсызбы. Жолдошум каза болгонуна 3,5 жыл болду. Үйдүн кызыл китеби бар, ал менин атыма жазылган. Жолдошумдун бир туугандары үйүбүздү талашып жатышат. Алардын укугу барбы?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
02.10.2020, 12:14

Нургазы Абдувалиев

“Академик” юридикалык компаниясынын директору, юрист

Саламатчылык. Эгер турак-жай жолдошуңуз менен расмий никеге тургандан кийин салынган же сатып алынган болсо, ал экөөңөрдүн ортоңордогу жалпы мүлк болуп саналат. Жолдошуңуз каза болгондон кийин мурас катары сиз гана ээлик кылууга укуктуууз.

Сурап жатканыңызга караганда, жолдошуңуз каза болгондон кийин турак жайды өзүңүздүн наамыңызга мамлекеттик каттоо органынан өткөрө элек окшойсуз. Андан бери үч жылдан ашса, мурасты кабыл алуу мөөнөтүн өткөрүп жибергенсиз.  

Үйгө тиешелүү докмуенттериңизди алып, мамлекеттик нотариуска кайрылып, андан жазуу жүзүндөгү баш тартуу кагазын алып, өткөрүп жиберген мөөнөттү калыбына келтирүү үчүн арыз менен кайрылууну кеңеш кылам.

Ийгилик!

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.

Юрист Нургазы Абдувалиев менен инстаграмдагы @academic.kg баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.

Бул жерден башка юридикалык суроолорго жоопторду окусаңыз болот:

 Тигүү цехинин кожойкеси акчамды бербей жатат. Укугумду кантип коргойм?

18 жаштан өткөндөн кийин алкоголдун, тамекинин зыяны азыраак болобу?

Көп жолу дело ачтырсам да алиментти көбөйтүп бере алышкан жок. Эмне кылам?

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт