Эркектин бою үчүн канча сантиметр кичинекей болуп эсептелинет? Ортопеддин жообу
Саламатсызбы. Суроомо жооп берип коюңузчу, жигиттердин боюу үчүн канча сантиметр кичинекей болуп эсептелинет?
Аджер Касимов
Травматолог-ортопед
Саламатчылык. Адамдын боюу түздөн-түз анын гендерине байланыштуу, башкача айтканда тукум кууйт. Андан тышкары анын бала кезиндеги тамактануусунун сапатынан, жеке гигиенасынан жана саламаттыгынан көз каранды.
Кыргызстан боюнча ала турган болсок, биздин мамлекетте эркектердин боюу орто эсеп менен 160,2 см – 181,2 см.
Ал эми аялдардын орто боюу 150,2 – 169,4 сантиметр болуп эсептелинет.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
Травматолог-ортопед Аджер Касимов менен инстаграмдагы @orto.doctor.kg баракчасы аркылуу байланыша аласыз.
Баланын ден соолугуна байланыштуу башка суроолорго жоопторду бул жактан окусаңыз болот:
Баланын эмгеги чоңураак экен деп жатышат. Балага зыяны жокпу?
Баламдын тамагы тез-тез эле ооруй берет. Эмне кылса болот? Педиатр жооп берет
Кызымдын кулагын тазалап жатып оорутуп алдым. Эмне кылышым керек?