// //

Дамира Долоталиева: «Ишкерлердин укуктары тебеленбейт, кызыкчылыктары корголот!»

2020.10.01, 16:33
892

Дамира Долоталиева «Кыргызстан» партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер. Ал учурда Кыргызстандын кызмат көрсөтүү рыногунун Ассоциациясынын президенти. Талапкер айым биз менен маегинде  кичи жана орто бизнестин өнүгүшүнө кандай мыйзамдар керектиги ж.б. суроолорубузга жооп берди.

- Эмне үчүн Жогорку Кеңешке барууну чечтиңиз, буга эмне түрткү болду? 

- Менин ишимдин, дегеле жашоомдун көп бөлүгү ишкерлердин таламын талашуу, алардын укугун коргоо менен коштолду. Он жылдан ашуун бул багытта иштеп келем. Бирок, алгылыктуу жыйынтыктар үчүн менин ишмердүүлүгүм жетишээрлик болбой жатат. Муну мен 2019-жылдын декабрь айында Жогорку Кеңеш тарабынан Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоору иштелип чыкканда өзгөчө сездим. Андагы патенттерди алып салуу, кассалык аппараттарды киргизүү сыяктуу түзөтүүлөр ишкерлердин кызыкчылыгына каршы келет.

Патент деген эмне? Бул бизнес жүргүзүүнүн эң оңой түрү. Ошондо мен ишкерлерди коргоодо түрткүч болгон мүмкүнчүлүгүбүз жок экенин билдим. Мен “Дордой” профсоюзунун төрайымы болуп туруп, эл өкүлдөрүнө үнүм жетпеди. 2015-жылы эле парламентке барууну көздөгөм, мүдөөм – байып кетүү эмес, кичи жана орто бизнести коргоо эле. Биздин үнүбүз парламенттен угулушун кааладым.

- Эмне үчүн «Кыргызстан» саясий партиясы менен Жогорку Кеңешке барууну туура көрдүңүз?

- Бул партияда өндүрүшчүлөр көп. Сап башында да көп жылдар бою жумушчу орундарды камсыздап келген, саясий уюмдун негиздөөчүсү Шаршенбек Абдыкеримов турат. Алардын бардыгы өздөрүнүн ишканаларын түптөп, жумушчу орундарын түзгөн салык төлөөчүлөр. Бизнестеги көйгөйлөрдү жакшы билишет. Эң башкысы, бул партия өнүгүүгө күчтүү негиз боло алган, өлкөнүн чыныгы күйөрманы. “Кыргызстан” партиясынын программасында да ишкерлердин кызыкчылыгын коргоого, салык мыйзамын өзгөртүүгө өзгөчө көңүл бурулгандыктан, мен бул саясий партияны тандадым.

- Сиз көп жылдан бери “Дордой” СБКнын ишкерлеринин профсоюзун жетектеп келесиз. Кайсы көйгөйлөрдү, мыйзам менен чечсе болот, айта аласызбы?  

- Пандемия маалында ишкерлердин укуктары тебеленди. Киргизилген өзгөчө абал проблемалардын баарын ачып, көрсөттү. Ишкерлер алсыз, калканчсыз, аянычтуу абалда экени билинди. Биз эки ай бою иштеген жокпуз. Кытай, Казакстан, Россия жана башка соода-сатык мамилелер бар өлкөлөр менен чек аралар жабылып, кандайдыр бир деңгээлде бизнестин кыйрашына алып келди. Көптөр зыян тартты.

Кыргызстан 60 пайыз тигүүчү өлкө болуп саналгандыктан, кийим фурнитурасынын баарын Кытайдан алып келет эмеспи, ал жактан товар келбей калды. Ишкерлердин кредиттери, чет өлкөлүк өнөктөштөрү алдында милдеттенмелери бар. Казакстандын чек арасы дагы деле жабык бойдон. Кичи жана орто бизнес коргоосуз калды. Өкмөт насыя төлөөнүн мөөнөтүн гана узартымыш болду. Мен  профсоюз башчысы катары ММКлар аркылуу өкмөткө кайрылдым, 30 жылдан бери мамлекеттин бюджетин толтуруп келе жаткан ишкерлер азыр өкмөттүн колдоосуна муктаж болуп жатат, жок дегенде 3 айга салыктан эс алдырып “каникул” кылып койгулачы деп. Алар эч кимден эч нерсе сурабастан, баарын өздөрү көтөрүп келишпедиби. Мен ишкерлер үчүн ыза болдум, атүгүл кайсы бир деңгээлде бизнеске коркунуч туулгандай болду. Ошондо мен мыйзам чыгарууга өзүбүз катышуубуз керектигин түшүндүм.

Буйрутма берүүчү «Кыргызстан» саясий партиясы. Дареги: Бишкек ш. Манас п, 115А. «Кыргызстан» саясий партиясынын шайлоо фондусунун каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Шамшидин уулу Разак тарабынан төлөндү. (№94 күбөлүк, 1.10.2020)

Аткаруучу: "ПроМедиа Плюс" КФ, Бишкек ш., Токтогул көч., 90а. Буюртмачы: “Кыргызстан” саясий партиясы. “Кыргызстан” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Разак Шамшидин уулунун буюртмасы менен “Кыргызстан” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. (каттоо күбөлүгү №94, 06.08.2020-ж)

Жарыяланган күнү: 1-октябрь, 2020-жыл. Нускасы: 1 даана.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт