// //

Күйөөм башкалар менен урушса мен ыңгайсыз абалда калам. Эмне кылыш керек?

2020.09.30, 10:03
1260

Саламатсызбы. Күйөөм экөөбүздүн үйлөнгөнүбүзгө беш жыл болду. Ачуусу аябай бат келет. Ата-энеси, биртуугандары, көчөдөгү адамдар менен бир заматта уруша кетет. Бери жакта туруп, мен ыңгайсыз абалда калам дайыма. Бирок мага кылган мамилеси жакшы.

Эмне кылыш керек? Кайда, кимге көргөзүш керек? Же психологдор жардам береби?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
30.09.2020, 10:03

Мария Самсонова

Психолог

Саламатчылык. Сиз күйөөңүз менен сүйлөшүп, ал башкалар менен урушуп жатканда кандай сезимдерге туш болуп жатканыңызды айтсаңыз болот. Мисалы: “Башка адамдарга агрессия көрсөтүп, кыйкырганда, мен жаман болом, корком. Менимче, сен мындай жүрүм-турумуңа чара көрүшүң керек” - деп.

Психологго, психотерапевтке же психиатрга кайрылууну сунуштап көрүңүз. Андан ары эмне кылышты күйөөңүз өзү чечет.

Ал сиздин айткандарыңызга макул болот же макул болбойт. Эгер өзүнүн агрессивдүүлүгүн нормалдуу нерсе деп эсептесе, сиз эч нерсе кыла албайсыз. Ага таасир этип, өзгөртүүгө аракет кылуунун зарылчылыгы жок.

Анда сиз өзүңүзгө башка суроо беришиңиз керек: мындай адамдын жанында өмүр бою жашоого даярсызбы?

 

Мария Самсонова менен инстаграмдагы @samsonova.psiholog баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот. 

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.

Бул жактан псхологдун башка кеңештерин окусаңыз болот:

Апамдын каза болушуна атамдын салымы чоң. Кантип аны кечирем?

Жигитим менден 11 жаш улуу. Жаш айрымачылыгыбызкийин көйгөй жаратпайбы?

Эл алдына чыгып сүйлөгөндөн корком. Коркоктугумду кантип калтырам?

Күйөөм интернеттен кыздар менен сүйлөшө берет. Бул оорубу эмне?

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт