// //

Эрмек Нургазиев: “Кыргызстан” партиясы ийгиликтүү адамдардан куралган”

2020.09.29, 17:28
1152

Ийгиликтүү ишкер,  "Кыргызстан" партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Эрмек Нургазиев маектешүү учурунда курулуш жана туризм тармагы, ошондой эле алдыдагы максаттары тууралуу айтып берди.

- Өзүңүз жөнүндө айтып берсеңиз?

- Мен Жайыл районунан болом, бирок балалыгым жана жаштыгым Ош шаарында өттү. Азыр мен 43 жаштамын, курулуш тармагында ишкердик менен алектенип келем. Менин чоң үй-бүлөм бар – беш кыз, бир уулдун атасымын.

- Эмне үчүн курулуш тармагын тандап алдыңыз?

- Мен, башкалар сыяктуу эле, 90-жылдары базарда сатуучулук менен иш баштадым. Андан кийин эки кафе жана унаа жуучу жай курдум. Бирок мен курулуш менен алектенүүнү көптөн бери кыялданып жүргөм. Азыр менин шаарда эки долбоорум бар. Мындан сырткары Кыргызстандагы уникалдуу долбоорлордун бири – Ысык-Көлдөгү ири коттедж шаарчасын куруп жатам.

- Ушундай татаал бизнесте кантип ийгиликке жетише алдыңыз?

- Эң негизгиси туруктуулук жана адамдардын ишенимин жоготпоо керек. Анткени курулуш бизнеси негизинен ишенимдин негизинде түзүлөт.

Сизге ишеним артканда, бардык идеяларыңыз иштейт. Кошумча жардам сиз менен байланышкан адамдар аркылуу келет, айткан сөздөрүңүз иш жүзүндө аткарылып баштайт жана ушунун бардыгы чоң ийгиликтерди жаратат.

- Кыргызстандын туризм тармагына кандай баа бересиз?

- Албетте, биз башка өлкөлөрдөн кыйла артта калдык. Бизде салыктар, виза тартиби, эски аэропорттор боюнча көйгөйлөр бар. Ошондуктан, бизге жакшы шарттар керек. Кантсе да, конок өзүн үйдөгүдөй сезиши керек. Ошондо өлкөбүзгө келген туристтердин саны көбөйөт.

- Партиянын «ЭЛ YЧYН» программасында Кыргызстанга жылына 2 миллион туристти тартуу боюнча пункт бар. Өлкөбүздө туризм индустриясынын жаңы деңгээлине кантип жетишүүгө болот?

- Эгерде биз парламентке барсак, анда биринчи кезекте туризм тармагына инвестиция салгысы келген мекендештерге негиз берүү үчүн текшерүүлөрдү жана салыктарды кыскартууга багытталган мыйзам долбоорлорун сунуш кылышыбыз керек. Жөнөкөй ишкер, ал тургай чакан туристтик комплекс ачуу үчүн, чоң бюрократиялык тартиптен өтүүгө мажбурбуз. Демек, бул тармак бизде өнүкпөй жатат. Бул демилгени көтөрсөк, башка партиялар бизди колдойт деп ойлойм.

- Эмне үчүн “Кыргызстан” партиясын тандадыңыз? Башка саясий бирикмелерден эмнеси менен айырмаланат?

- Ар бир адамдын өзүнүн принциптери бар. Айрымдары мамлекеттик кызматка, башкалары ишкерчиликке барышса, кээ бирлери  популизм менен алектенишет. Мага “Кыргызстан” партиясы жакты, анткени бул жерде ишкерлик тармакта ийгилик жараткан жаратман адамдар көп. Бул партия философиясы жагынан мага жакын.

Буйрутма берүүчү «Кыргызстан» саясий партиясы. Дареги: Бишкек ш. Манас п, 115А. «Кыргызстан» саясий партиясынын шайлоо фондусунун каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Шамшидин уулу Разак тарабынан төлөндү. (№94 күбөлүк, 29.09.2020)

Аткаруучу: "ПроМедиа Плюс" КФ, Бишкек ш., Токтогул көч., 90а. Буюртмачы: “Кыргызстан” саясий партиясы. “Кыргызстан” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Разак Шамшидин уулунун буюртмасы менен “Кыргызстан” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. (каттоо күбөлүгү №94, 06.08.2020-ж)

Жарыяланган күнү: 29-сентябрь, 2020-жыл. Нускасы: 1 даана.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт