Баламдын шилекейи ага берет, кантип токтотсо болот? Педиатр жооп берет
Саламатсызбы? Менин балам бир жашта. Бир жумадан бери оозунан шилекейи агып токтобой жатат. Оозун карадым оюлган же башка нерсе жок. Шилекейинин акканын кантип токтотсом болот? Рахмат
Мухабат Касымова
Педиатр
Бир жашка чыккан балдардын шилекейинин агуусу норма болуп саналат. Анткени астынкы жаагы жана жаак булчуңдары толугу менен калыптанып бүтө элек.
Шилкей агуусун азайтуу үчүн болгону баланын гигиенасын сактап, бетин, колдорун самындап жууп туруу керек. Андан тышкары бала менен көбүрөөк сүйлөшүп, ага сөз үйрөтүп баштаган оң. Башкача айткана агу, гу-гу-гу, ата-та-та, деген сөздөрдү улам айтып тургула. Баланын артикуляциясы оңолуп, булчуңдары машыгат.
Мазь, сүйкөп, дары берип, андан башка чараларды көрүүнүн зарылчылыгы жок. Анткени алар шилекейинин агуусун азайтпайт.
Менимче сиздин баланын же тамагы кызарып калган же тиштери чыгып жатат. Бирок баланы көрмөйүн бир нерсе деп айтуу оор, эгер шилекей агуусу тынчыңызды кетирип жатса, педиатрга алып барыңыз.
Педиатр Мухабат Касымова менен инстаграмдагы @doc.kasymova баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.
Баланын ден соолугуна байланыштуу башка суроолорго жоопторду бул жактан окусаңыз болот:
Баланын эмгеги чоңураак экен деп жатышат. Балага зыяны жокпу?
Баламдын тамагы тез-тез эле ооруй берет. Эмне кылса болот? Педиатр жооп берет
Кызымдын кулагын тазалап жатып оорутуп алдым. Эмне кылышым керек?