Күйөөм гепатит В менен ооруйт, кош бойлуулукту пландаштырсак болобу?
Саламатсызбы. Менин күйөөм гепатит В менен ооруйт, дарысын ичет. Сурайын дегеним, эгер боюмда болуп калса, балага зыяны барбы? Даарыны токтотуп кош бойлуулукту пландаштырсам болобу?
Раушан Джумагулова
Акушер-гинеколог
Саламатчылык. Гепатит В жыныстык катнаш аркылуу жугушу мүмкүн. Ошондуктан сиз дагы толугу менен медициналык көзөмөлдөн өтүшүңүз керек. Зарылчылык болсо толук курс алып дарылануу сунушталат.
Андан кийин гепатологдун консултьтациясын алып, ал уруксат берсе кош бойлуулукту пландаштырсаңыз болот.
Гепатит “В” энеден балага өтүшү мүмкүн. Кош бойлуулуктун акыркы үч айында жугузуп алуу коркунучу өзгөчө курч болот.
Кош бойлуу аялда гепатит “В” аныкталса, ал ар дайым дарыгерлердин көзөмөлүндө болууга тийиш. Бүгүнкү күндө эң эффективдүү профилактика бул – вакцинация.
Кош бойлуу эне төрөтко чейин эмделет, төрөттөн кийин 2-3 күн өткөндө, бала да вакциянация алат. Бул эмдөө бардык жаңы төрөлгөн балдарга жасалат.
Ден соолукта болуңуз!
Гинеколог Раушан Джумагулованы инстаграмдагы @erkai_clinic баракчасы аркылуу тапсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
Бул жерден кош бойлуулук жөнүндө дагы окусаңыз болот:
Токсикоздун белгилери жана аны жеңилдетүү жолдору
Эклампсия деген эмне? Белиглери, себептери жана кесепети
Толгоо башталганын кантип билем? Кош бойлуу келиндер үчун шпаргалка