Атамдын паспорту жок болгон үчүн мен да паспорту жок каламынбы? Адис жооп берет
Мен ушул жылдын ноябрь айында 18ге чыгам, ушул күнгө чейин паспорт ала элекмин. Себеби ата-энем ажырашкан, апамдын колундамын. Ал Москвада жүрөт, атам менен катташпай калганбыз.
Паспорт алуу үчүн ата-энесинин паспортторунун оригиналы керек экен. Апам Москвада болгондуктан факс аркылуу жиберсе болот дешти. Ал эми атам паспортун жоготуп алыптыр, анын мөөнөтү да өтүп кетиптир. Жаңы паспорт алганга туулгандыгы тууралуу күбөлүгу керек, анысын да жоготуп алган.
Эми эмне болот? Атамдын паспорту жок болгон үчүн мен да паспорт ала албай каламынбы?
Бакай Алишеров
КР Мамлекеттик каттоо кызматынын Уюштуруу-коммуникация иштери бөлүмүнүн жетектөөчү адиси
Саламатчылык. Бул маселе боюнча жашаган жериңизге караштуу паспорт столдун кызматкерлерине же жетекчисине кайрылыңыз. Алар сиздин туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн негизинде Калктын бирдиктүү мамлекеттик реестринде ата-энеңиздин документтерин карап чыгышат. Эгер алардын документтери табылса, атайын комиссия түзүлүп, сиздин маселени чечүүнүн жолдорун аныкташат. Андан кийин бир катар процедуралар өтөт. Ошону менен паспорт аласыз.
Мамлекеттик каттоо кызматынын бирдиктүү ишеним телефону: 0312 62 41 40; же 119 кыска номерине чалып кошумча маалымат алсаңыз болот.
Ийгилик!
Башкы беттеги сүрөт иллюстративдүү.
Паспортко тиешелүү суроолорго жоопторду бул жактан окусаңыз болот:
Паспортумдун мөөнөтү өтүп кеткендиктен банктагы акчамды ала албай жатам
Жакында төрөйм, паспортум шаарда калды, төрөт үйүнө барсам мени кабыл алышабы?
Паспортко документтерди Кыргызстандан тапшыргам, РФтеги элчиликтен алсам болобу?