// //

Ахрор Иминов: "Жаштар саясатына жана санариптештирүүгө көңүл бурам"

2020.09.26, 13:37
1785

Бүгүнкү күндө жаштар мамлекетте болуп жаткан бардык процесстерге катышып жатабы? Жаштар менен кантип натыйжалуу иш алып барууга болот? Мамлекет бул багытта кандай иш алып барууда?

Ушул жана башка суроолорго “Кыргызстан” саясий партиясынан шайлоого аттанган жаш талапкер Ахрор Иминов менен маектештик.

- Кыргызстанда жаштар саясатынын абалы кандай?

– Кыргызстанда бүгүнкү күндө жаштар саясатын жакшыртуу боюнча атайын мамлекеттик орган, эл аралык жана бейөкмөт уюмдар биргеликте ар кандай  иш-чараларды өткөрүп келет. Өкмөт дагы атайын жаштар саясатынын концепциясын кабыл алган. Бирок бул боюнча алгылыктуу иштер дагы деле жасалбай келет. Иш жүзүндө жаштар саясатын өнүктүрүү жалаң эле ар кандай форумдарды, чогулуштарды, фестивалдарды уюштуруу менен гана чектелип, жаштарды кандайдыр бир идеяга жетелеген саясат тилекке каршы жок болуп жатат.

- Сиз парламентке депутат болуп келсеңиз, бул багытта кандай программаларды жана мыйзам долбоорлорун сунуш кыласыз?

- Жаштар саясатын жакшыртуу боюнча атайын мамлекеттик стратегия керек. Мен биринчи кезекте ушуга көңүл бурам. Мына ошол стратегиянын негизинде мамлекеттик органдар жана кызыктар болгон бардык эл аралык уюмдар бир багытта иштөөсү керек. Эң негизги максатым жаштар бүгүнкү коомдон өз ордуларын табуусу үчүн болгон билимим менен тажрыйбамды колдоном. Эң башкысы жаштардын максаттарына жетүүсүнө мүмкүндүк берүүчү мыйзамдуу механизмдерди, инструменттерди иштеп чыгууга аракет кылам.

- Бүгүнкү жаштарга эмне керек, аларды эмне кызыктырат?

- Бүгүнкү күндө жаштар мамлекеттин келечегине кайдыгер деген сын-пикирлер айтылып келет. Бирок мен буга кошулбайм. Бүгүнкү күндө жаштар коомду өзгөртүү үчүн кандайдыр бир салым кошууга аракет жасап жатышат. Бирок жаштардын бул аракети көбүнчө улуу муундардын бут тосуусуна дуушар болуп келет.
Акыркы 5-6 жылдан бери илим алууга, руханий баалуулукка умтулган жаштардын катары көбөйүп жатканы кубандырат.

Бүгүнкү жаштарга заман талабына ылайык билим, жана билим алууга заманбап шарттар керек. Анткени татыктуу билимге ээ болгон жаштар окуу жайды аяктагандан кийин жумуш таба алышат. Баарыңыздар билгендей, бүгүнкү күндө жаштардын көбү жумушсуздук маселесинен улам чет өлкөлөргө кетип жатышат.

Баса, азыркы жаштар саясатка, мамлекеттик кызматка да кызыгышат. Жаш туруп саясий күчтөрдүн катарында жүргөн көп санаалаштарым бар. Бул жакшы көрүнүш деп эсептейм. Себеби, саясий муун жаңыланып, санариптешип жаткан дүйнөнүн агымына жараша жаңы адамдар керек.

- Парламентке барганда дагы кандай маселелерге көңүл бурасыз?

 - Азыркы ааламдашуу доорунда бардык тармак санарипке өтүп жатат. Менин бул багытта жеке IT компаниям бар. Ал жерде програмисттер платформаларды, программаларды жасашат. Мына эки жылдан бери өлкөбүздө санариптешүүгө басым жасалып, президентибиз Сооронбай Жээнбеков дагы буга өзгөчө көңүл буруп, мунун алгачкы жыйынтыктары сезиле баштады. Биз канчалык санарипке эрте өтүп, турмушубузда пайдалансак, ошончолук өнүгүүгө эрте кадам таштаган болобуз. Бирок алдыбызда бир топ көйгөйлөр турат. Алардын эң биринчиси - IT адистердин жетишсиздиги. Мен ушул көйгөйдү чечип, өлкөбүзгө колдон келген салымымды кошууга ар убак даярмын.

Буйрутма берүүчү «Кыргызстан» саясий партиясы. Дареги: Бишкек ш. Манас п, 115А. «Кыргызстан» саясий партиясынын шайлоо фондусунун каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Шамшидин уулу Разак тарабынан төлөндү. (№94 күбөлүк, 26.09.2020)

Аткаруучу: "ПроМедиа Плюс" КФ, Бишкек ш., Токтогул көч., 90а. Буюртмачы: “Кыргызстан” саясий партиясы. “Кыргызстан” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Разак Шамшидин уулунун буюртмасы менен “Кыргызстан” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. (каттоо күбөлүгү №94, 06.08.2020-ж)

Жарыяланган күнү: 26-сентябрь, 2020-жыл. Нускасы: 1 даана.

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт