Төрөттөн кийин дааратканага барган сайын ачышытырып ооруйт. Эмнеге?
Саламатсызбы. Бул менин биринчи төрөтүм, врачтар разрыв болгон жоксуң деген. Бирок, дааратканага барганда ачышып ооруйт. Разрыв болдумбу, же төрөгөндөн кийин ушинтеби?
Раушан Джумагулова
Акушер-гинеколог
Саламатчылык. Төрөттү кабыл алган доктурлар разрыв болгон жок деп айтышса, демек ошондой эле болгон. Кандай төрөт болбосун жыныс кындын тегерегинде майда кан тамырлар жарылып, жарака кеткен болушу мүмкүн. Ошолор бүтүп, айыккыча заара кылган сайын ачышып, оорута берет.
Менин сизге бере турган кеңешим, жеке гигиенаны жакшы сактап, пахтадан тигилген ич кийим кийиңиз. Жараттар тезирээк бүтүп, дискомфорт жаратпайт.
Гинекологго кайрылуу керек, эгер:
- ачыштырганы узак убакытка чейин кетпесе;
- улам-улам заара кылгыңыз келет, бирок аз эле чыгат;
- зааранын өңү бозомтук, жыты жагымсыз;
- дене табыңыз көтөрүлсө.
Бешик бооңуз бек болсун!
Гинеколог Раушан Джумагулованы инстаграмдагы @erkai_clinic баракчасы аркылуу тапсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
Бул жерден кош бойлуулук жөнүндө дагы окусаңыз болот:
Токсикоздун белгилери жана аны жеңилдетүү жолдору
Эклампсия деген эмне? Белиглери, себептери жана кесепети
Толгоо башталганын кантип билем? Кош бойлуу келиндер үчун шпаргалка