Баламдын ээги титирей берет. Эмне үчүн андай болот? Педиатрдын жообу
Саламатсызбы. Төрөгөнүмө 25 күн болду, бул биринчи балам. Көтөргөндө ээгин титирете берет. Эмне үчүн андай болот? Өзүмдүн инилеримде мындайды көргөн эмесмин. Жооп бериңизчи сураныч?
Мухабат Касымова
Педиатр
Саламатчылык. Сиз сүрөттөп жаткан көрүнүш ээктин термору (тремор подбородка) деп аталат жана жаңы төрөлгөн ымыркайларда көп эле кездешет.
Бул баланын мээсинин жана нерв системаларынын толук калыптана электигине байланыштуу. Көбүнчө ыйлаганда, жуунткандан кийин байкалат, кээде күтүүсүз болот.
Тремор болуп жатканда баланын ээги, астынкы эрини, айрым балдардыкы колдору, буттары титирейт. Физиологиялык термор бир нече секунд эле созулат. Эгер андан көбүрөөк эриндерин титиретсе, улам-улам кайталанып турса, сөзсүз невропатологго көрсөтүү зарыл.
Бешик бооңуз бек болуп балаңыздын ден соолугу чың болсун!
Педиатр Мухабат Касымова менен инстаграмдагы @doc.kasymova баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.
Баланын ден соолугуна байланыштуу башка суроолорго жоопторду бул жактан окусаңыз болот:
Баланын эмгеги чоңураак экен деп жатышат. Балага зыяны жокпу?
Баламдын тамагы тез-тез эле ооруй берет. Эмне кылса болот? Педиатр жооп берет
Кызымдын кулагын тазалап жатып оорутуп алдым. Эмне кылышым керек?