Мен чоң махабатка туш болгум келет бирок, эч кимди сүйө албай койдум
Саламатсызбы. Мен 18 жаштамын. Менин көйгөйүм, эч кимди сүйбөйм, сүйгөн да эмесмин. Сүй лөшүп жүргөн жигитим бар, бирок ага көңүлүм жок, жолугушууга чыкканда өзүмө жакындаткым келбейт.
Чынында, мен көп убакыт бирөө менен сүйлөшүп, ортобузда чоң сүйүү болуп анан баш кошсок деп кыялданам. Эмнегедир, эч кимди сүйө албай койдум. Көп эле жигиттер менен сүйлөштүм, сезимдерим ойгонгон жок.
Эмне кылсам болот? Канткенде сүйүп кете алам?
Мария Самсонова
Психолог
Саламатчылык. Сүйүү адамдан эч кандай күч-аракетти талап кылбайт. Эгер жигитиңизге көңүлүңүз жок болсо, жаныңызды кыйнабаңыз. Башка адамды жактырбоо – бул нормалдуу көрүнүш.
Сезимдердин жоктугу сүйө албайт дегендик эмес. Болгону сиз жашсыз, азырынча сүйгөнүңүзгө жолуга элексиз.
Өзүңүздү шаштырбаңыз. Сезимдериңизди кабыл алып, сый мамиле кылганды үйрөнүңүз. Жакпаган адамдар менен сүйлөшпөй эле коюңуз. Жакындаткыңыз келбейби? Жакындатпаңыз. Жан дүйнөңүз бул адам сиздики эмес экенин айтып жатат. Эмнеге ага каршы чыгып, болбой эле жигитиңиз менен сүйлөшүп, жолугушуп жүрөсүз?
Менин сизге бере турган кеңешим, ички туюумуңузду, сезимдериңизди, денеңизди тыңшап, угууга, сыйлоого үйрөнүңүз.
Бактылуу болуңуз!
Мария Самсонова менен инстаграмдагы @samsonova.psiholog баракчасы аркылуу байланышсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.
Бул жактан псхологдун башка кеңештерин окусаңыз болот:
Апамдын каза болушуна атамдын салымы чоң. Кантип аны кечирем?
Жигитим менден 11 жаш улуу. Жаш айрымачылыгыбызкийин көйгөй жаратпайбы?
Эл алдына чыгып сүйлөгөндөн корком. Коркоктугумду кантип калтырам?
Күйөөм интернеттен кыздар менен сүйлөшө берет. Бул оорубу эмне?