// //

Ичтеги бала өспөй калса кандай белгилер болот? Гинекологдун жообу

2020.09.21, 11:27
7505

Саламатсызбы. Азыр тогуз жумалык боюмда бар. Жети жумалыгында УЗИге түшкөнүмдө бойдон түшүп же ичтен өспөй калышы мүмкүн, деп диагноз койду. Эгер өспөй калса, белгилери кандай болот?

Бул сайтка чыккан маалыматтын бардыгы Bilesinbi.kg сайтынын менчиги болуп саналат. Сайтка чыккан маалыматты гиппер шилтемесиз колдонууга тыюу салынат.
Эксперттин жообу
21.09.2020, 11:28

Светлана Коздрович

Гинеколог-эндокринолог

Саламатчылык. Тобокелчиликтерди жокко чыгаруу үчүн гинеколог кош бойлуулукту сактап калууга жооптуу болгон гормондорго анализ тапшырууну сунушташы мүмкүн.

Анан албетте негизгиси, инфекциялык оорулардын жоктугун аныктоо. Адатта кош бойлуулуктун биринчи үч айлыгында ошолор патологияларга себепкер болот.

Эгер ичиңиз катуу ооруса, толгоого окшоп төмөн тартса, кан кетсе, жагымсыз жыттанган бөлүнүп чыгуулар байкалса (веделение), жүрөгүңүз айланып куссаңыз, баш айланып катуу оорутса, дароо гинекологго кайрылыңыз.

Эгер УЗИсте кош бойлуулуктун өнүгүүсү боюнча күмөн саноолору бар болсо, бир жумадан кийин кайрадан УЗИге түшүүнү сунуштайт.

Ден соолукта болуңуз.

Гинеколог-эндокринолог Светлана Коздровичти  инстаграмдагы  @arzclinic баракчасы аркылуу тапсаңыз болот.

Башкы беттеги сүрөт интернеттен алынды.

Бул жерден кош бойлуулук жөнүндө дагы окусаңыз болот:

ЭКО деген эмне? Кимдерге жасалат? Баасы канча турат? 10 суроого жооп

Токсикоздун белгилери жана аны жеңилдетүү жолдору

Эклампсия деген эмне? Белиглери, себептери жана кесепети

Толгоо башталганын кантип билем? Кош бойлуу келиндер үчун шпаргалка

Кош бойлуулук календары (25-40 жума)

0
Пайдалуу жооп
Анонимдүү колдонуучунун суроосу модератор текшергенден кийин гана сайтка жайгаштырылат. Эгер сиздин сурооңуз тез жайгашсын десеңиз анда биздин социалдык түйүндөрдүн бирине катталыңыз.
Ɵзүн туура алып жүрүү
биздин сайтта:
сөгүнгөн сөздөрдү жазганга болбойт
суроолорду ким жазса, ага карата мазактаган, шылдыңдаган сөздөрдү жазууга болбой
кимдир бирөөлөрдү коркутуп үркүтүү, же жекеме-жеке сүйлөшүүгө чакырууга болбойт
дискусиянын катышуучуларынын кадыр баркына шек келтирүүгө, басынтууга болбойт
КР нын мыйзамына каршы келген жоопторду чыгарууга болбойт
жоопторду транслитке чыгарууга болбойт
жоопторду башкы тамгалар менен бөлүп чыгарууга болбойт
адамдардын тутунган динине, улутуна асылган, басынткан сөздөрдү жазып чыгарууга болбойт
бир эле суроого ар кайсы ник менен жазууга болбойт
ник менен сөгүнүп сагынган сөздөрдү жазууга болбойт
суроого тиешеси жок жоопторду жазууга болбойт