Жакын эле эжеме кредит алганы жардам берсем, мени алдап кетиптир
Саламатсызбы. Менин суроом мындайча: былтыр эжеме кредит алышканга жардам берген элем. Менин паспортумду көрсөтүп, башка тааныштарын да ортого салып отуруп банктан кредит алган.
Эми мага банктан телефон чалып жатышат, канча айдан бери акчасы төлөнбөй жүрүптүр. Эжем чет жака иштегени кеткен, ошону менен дайыны жок. Телефон номерин, вотсабын, почтасын өзгөртүп алыптыр. Эч эле байланыша албай жатабыз.
Жакын эжем болгондоуктан алдап кетет деген ой да келген эмес. Өзүм студентмин, кредитти төлөгөнгө шартым жок. Эмне кылышым керек?
Эркингүл Шаршенбекова
Адвокат
Саламатчылык. Эжеңиз сиздин мүлкүңүздү күрөөгө коюп кетти беле? Же жөн гана паспорттун көчүрмөсү менен алды беле?
Кандай гана болбосун милицияга арыз менен кайрылып, сизди алдап кеткендигин билдириңиз. Эгер документтерге кол коюп, акча албасаңыз, мүлкүңүз күрөөгө коюлбаса, сиз үчүн коркунуч жок.
Адвокат Эркингүл Шаршенбекованы инстаграмдагы @advokat_kg_erkingul баракчасы аркылуу тапсаңыз болот.
Башкы беттеги сүрөт иллюстративдүү.
Адвокаттын башка суроолорго жоопторун бул жактан окусаңыз болот:
Келинчегим мага айтпай туруп үйүбүздү сатып жиберген. Сотко кайрылсам болобу?
Апам үйдү өз наамына өткөргүсү келет, менин уруксатым жок өткөрө алабы?
Кайын атамдын үйүндө өгөй кайын агам турат. Үйүбүздү кантип өзүбүзго алсак болот?
Батирдин ээси жашабасам да эки айдын акчасын төлө деп жатат. Ушул туурабы?