ЗАГСка туралы деп барсак, менин атым базадан чыкпай жатат. Эмне кылышыбыз керек?
Саламатсызбы. Мен Ысык-Көл облусунда каттоодо турам. Эки жыл мурун жатаканага кириш үчүн убактылуу учеттон чыккан элем. Жакында турмушка чыгып, жигитим менен ЗАГСка туралы дегенбиз. Эмнегедир менин атым базадан чыкпай жатат. Кандай кылсам болот? Бишкектен базага кирсем болобу?
Бакай Алишеров
КР Мамлекеттик каттоо кызматынын Уюштуруу-коммуникация иштери бөлүмүнүн жетектөөчү адиси
Саламатчылык. База данных дегенге кирүү үчүн азыр жашап жаткан үйдүн тиешелүу документтерин алып, кайра катталсаңыз болот. Эгер үй өзүңүзгө тиешелүү эмес болсо, анда үйдүн ээсинин нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн макулдугу керектелет.
Төмөнкү документтер керек:
- үйдүн тех.паспорту;
- үйдүн китепчеси;
- сиздин паспортуңуз.
Жашап жаткан жериңизге караштуу паспорт столуна барып каттоого турууга уруксат берилет. Андан кийин нике баракчасына документ тапшыра аласыз.
Эки жыл мурун жатаканага кирүү үчүн учеттон чыккам деп жатасыз, балким бул учет убактылуу болгон. Учет өтүп кетип, базадан чыкпай жаткандыгынын бир себеби ошондо болушу мүмкүн.
Ийгилик!
Кошумча маалыматты 119 номерине чалып сурап алсаныз болот.
Башкы беттеги сүрөт иллюстративдүү.
Паспортко тиешелүү суроолорго жоопторду бул жактан окусаңыз болот:
Паспортумдун мөөнөтү өтүп кеткендиктен банктагы акчамды ала албай жатам
Жакында төрөйм, паспортум шаарда калды, төрөт үйүнө барсам мени кабыл алышабы?
Паспортко документтерди Кыргызстандан тапшыргам, РФтеги элчиликтен алсам болобу?