Мен иштеген жерге адамдар жыныстык катнашка баруу үчүн келишет экен
Мен 17 жаштамын. Антикинотеатрда иштегениме бир жыл болуп калды. Айлыгы, тамагы, жайгашкан жери бардыгы мага жагат. Үйүмө жакын, жумуш графиги абдан ыңгайлуу.
Бир гана кемчилиги бар. Бул кинотеатрга айрым жаштар кино көргөнү эмес, жыныстык катнашка баруу үчүн келишет. Мындай көрүнүш мени психологиялык жактан кыйнайт. Ушундай жерде иштегенден көрө иштебей эле койсомбу деп ойлоном.
Бирок мындай жеңил, мен үчүн ыңгайлуу жумуш таба аламынбы? Дегеле ушундай жерде иштеген нормалдуубу?
Виталий Пукаев
Кыргыз Россия билим берүү академиясынын окутуучусу, психотерапевт
Эгер сиз койгон суроонун моралдык жагын четтетип коюп, жалаң сиздин маселеңизге көңүл бура турган болсок, төмөнкү корутундуларга келебиз:
Сизди бул жумуш толугу менен канааттандырат. Айлыгы, шарттары, үйгө жакын болгону, тамак ашы, графиги, бардыгы ойдогудай.
Бирок сизге жакпаган бир көйгөй бар. Сиз башка адамдардын өтө интимдүу жана башка адамдардан жашырууга тийиш болгон мамилесине айласыздан күбө болуп жатасыз.
Сиз, бул жакта иштегендин өзү нормалдуубу? - деп суроо койдуңуз.
Башкысы, мындай көрүнүш сиздин ички жан дүйнөңүзгө кандай таасирин тийгизип жатат? Эгер жөн гана нааразычылыкты жаратса, жалпысынан нейтралдуу сезимде болсоңуз, демек баары жайында.
Ал эми мындай көрүнүш ачуулануу, жийиркенүү, сезимдерин жаратса, карама-каршы жыныстагы адамдар менен мамиле курууңузга терс таасирин тийгизсе, адамдардан көңүл калууну пайда кылса, анда психологиялык жактан аралыкты сактоого үйрөнүү керек болот.
Коомдук жайларда сексуалдуулукту көзөмөлдөө – бул юридикалык аспект. Аны сиз эмес, сиздин жетекчилик жана милиция контролдоого тийиш. Ошондуктан бул маселени жалгыз чече албайсыз.
Анда тышкары финансылык абалыңызды эске алыңыз. Эгер сиз үчүн материалдык туруктуулук маанилүү болсо, өзүңүздүн психологиялык абалыңызды сактоого, “жумуш” деген кнопканы өчүрүп коюуга үйрөнүңүз.
Ийгилик!
Виталий Пукаев менен инстаграмдагы @vitaly_pukaev аккаунту аркылуу байланышсаңыз болот.
Башкы беттеги илюстративдүү сүрөт.
Мамилелер тууралуу бул жерден окусаңыз болот:
Сүйлөшкөн кызыма жуучу түшсө жигитим бар, деп айтпаптыр. Эмне кылышым керек?
Жигитим быйыл үйлөнөлу деп жатат. А мен арсар болуп жатам
Жигитим үйлөнсөк иштетпейм, өзүм багам деп айтат. Эмне кылышты билбей турам
Сүйөшкөн кызымды өбө элекмин. Эмне кылсам болот? Психологдун кеңеши